«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировду сабаган деген шек менен төрт киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта: 14-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Темировго кол салган деген төрт шектүүнү кармаганы айтылат. Баары тең Жалал-Абад облусунда туулган.

Кармалгандар Жазык кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киризилди.

Милиция азыркы учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатканын, тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн аракетине кошумча юридикалык баа берилерин кабарлады.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here