Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов парламент комитинин жыйынында Кыргызстандын экономикасынын көрсөткүчүн өтө образду салыштырып, элдин кыжырына тийип алды. Ал өз сөзүндө: “Мурун чогулуштарга эл ат , эшек менен келишчү. Азыр эшек минген киши жок. 50 адам чогулган жыйынга жок дегенде 250 киши машина айдап келет” – деп агынан жарылды. Бул сөздөрдө кандайдыр бир деӊгээлде чындыктын үлүшү бар. Бирок бул байыган атка минердин айта турган сөзү эмес эле. Эмнеге дегенде, айылдарда эшек менен оокат кылгандар дале болсо көп. Ал тургай   5-10 чакырым алыс аралыкта жайгашкан мектепке эшекчен барышкан жеткинчектер да жетиштүү. Буга мисал катары Нарындын Таш-Башат айылынын балдарын айталы. Алар  күнүгө 5 чакырым жердеги мектепке   эшек менен барып келишет. Эгер Боронов айткандай ал айылдын ар бир адамында экиден, бирден машина болгондо, балдарын мектепке машина менен ташышмактыр. Болбосо өкмөт мындай сөздөргө жем таштабай, мектеп маселесин башкы көйгөй кылбай чечип салышы керек эле.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here