11-январда кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Кадамжай райондук соту 13-январда ушундай чечим чыгарганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта: айылдын 4 тургу “Массалык башаламандык” жана “Ээнбаштык” беренелери менен Баткен облустук милициясынын маалыматына караганда, былтыр 18-декабрда Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Майский айылынын тургундары урушуп, эки тарап бири-бирине таш ыргытышып, натыйжада Көк-Таштын жашоочусунун башына таш тийип, бир машиненин, эки үйдүн чатыры сынганы айтылат.

Маалым болгондой 11-январында Көк-Таш айылынын жашоочулары жолдон өтүп бараткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын Назаров көчөсүндө тажик жаранынын «Хундай-Портер» автоунаасын таш менен уруп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан.

Жогорудагы эки кылмышка катышы же аларды уюштурууга тиешеси бар делип Көк-Таш айылынын төрт тургуну кармалды. Аларды суракка алганда экөөнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук экспертиза дайындалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here