Жумгал районунан Бишкек шаарына алынып келген ак илбирс Ысык-Көлдөгү Ананьев айылында жайгашкан реабилитациялык борборго жеткирилгенин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматта: » Ак илбирсти 11-январда «NABU» уюмунун «Барс» тобунун кызматкерлери Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен бирге Жумгалдан Бишкек шаарына алып келишкен. Ак илбирс малга кол салууга аракет жасаган. Бирок карып жана алсыз болуп калгандыктан, мындан сырткары 3 азуу тиши жоктугунан улам малга кол сала алган эмес. Ветеринарлар аны текшерди, саламаттыгы жакшы. Карып калгандыктан өз алдынча азык таба албайт. Ак илбирс болжол менен 12 жашта. Өз алдынча аңчылыкка чыга албагандыктан адистер аны реабилитациялык борбордо кармашат» — деп айтылат.

Ал эми 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталган. Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Алардын айтымында, калгандары анчалык коркунуч жаратпайт. Ал эми ак илбирсти аткан адамдар табыла элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here