Каржы министрлиги 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен 28 млрд. 122 млн. сом жумшалганын билдирди. Анын 14 млрд. сом тышкы карызды, 14 млрд. 112 млн. сом ички карызды төлөөгө сарпталды. Министрликтин сайтына жарыяланган маалыматта: өткөн жылдын 30-ноябрына карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд. 503 млн. долларды түзгөнү жазылган. Анын 3 млрд. 781 млн. доллары тышкы, ал эми 722 млн. доллары ички карыз.

Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. 2019-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» 1,7 млрд. доллар карыз. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here