Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп жаткан Кыргызстандын чемпионаты кечээ күнү аяктады. Кечээ грек-рим күрөшүндө олимпиадалык салмактар боюнча чемпиондор аныкталып, Кыргызстандын курама командасы түптөлдү. 87 кг салмак категориясында Азат Салидинов, 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков жана Ким Роман 130 кг салмакта чемпион болушту. Биринчи орун алгандар эми Кыргызстандын курама командасын түптөп, 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимп оюндарына катышуу үчүн лицензиялык турнирлерге барып, өлкөнүн намысын коргошмокчу.  

Эң кызыктуу деп саналган 60 кг салмак категориясында жаракатына байланыштуу бир жылдан ашык ири турнирлерге чыкпай келген Калы Сулайманов өзүнүн мыктылыгын далилдеди. Ал финалда белгилүү жаш балбан Жоламан Шаршенбеков менен күрөшүп, 5:3 эсебинде жеңип алды.

67 кг салмак категориясында да жаңы чемпион болуп Марлен Асикеев аталды. Ал финалда Халмурат Ибрагимовду упайлардагы артыкчылык менен утту.

Дагы бир белгилүү балбан Акжол Махмудов 77 кг салмак категориясында жаракатына байланыштуу күрөшкөн жок. Бул салмакта Кайрат Түгөлбаев биринчи болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here