Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп жаткан Кыргызстандын чемпионаты кечээ күнү аяктап, грек-рим күрөшүндө олимпиадалык салмактар боюнча чемпиондор аныкталып, Кыргызстандын курама командасы түптөлдү. 87 кг салмак категориясында Азат Салидинов, 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков жана Ким Роман 130 кг салмакта чемпион болушту. Биринчи орун алгандар эми Кыргызстандын курама командасын түптөп, 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимп оюндарына катышуу үчүн лицензиялык турнирлерге барып, өлкөнүн намысын коргошмокчу.  

Эң кызыктуу деп саналган 60 кг салмак категориясында жаракатына байланыштуу бир жылдан ашык ири турнирлерге чыкпай келген Калы Сулайманов өзүнүн мыктылыгын далилдеди. Ал финалда белгилүү жаш балбан Жоламан Шаршенбеков менен күрөшүп, 5:3 эсебинде жеңип алды.

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионатында биринчи, экинчи, үчүнчү орунду алган балбадндардын тизмеси.

55 килограмм

  • 1-орун — Сардарбек Конушбаев;
  • 2-орун — Балбай Дордоков;
  • 3-орун — Мухаммед Абдуллаев, Азамат Боронов.

60 килограмм

  • 1-орун — Калы Сулайманов;
  • 2-орун — Жоламан Шаршенбеков;
  • 3-орун — Исрадин Темирбеков, Дастан Кадыров

63 килограмм

  • 1-орун — Тынар Шаршенбеков;
  • 2-орун — Рустам Тейишов;
  • 3-орун — Элдияр Сатаров, Азиз Замиров.

67 килограмм

  • 1-орун — Марлен Асикеев;
  • 2-орун — Халмурат Ибрагимов;
  • 3-орун — Нуржигит Кеңешбек уулу, Эрбол Бакиров

72 килограмм

  • 1-орун — Роман Царев;
  • 2-орун — Руслан Царев;
  • 3-орун — Бекзат Маткабылов, Залкарбек Карымшаков.

77 килограмм

  • 1-орун — Кайрат Түгөлбай уулу;
  • 2-орун — Ринат Ильяз;
  • 3-орун — Эрлан Чопбай уулу, Бексултан Назарбаев.

82 килограмм

  • 1-орун — Саматбек Чоноралиев;
  • 2-орун — Рустам Рахматулаев;
  • 3-орун — Чынтемир Жандыралы уулу, Элбек Урайимов

87 килограмм

  • 1-орун — Азат Салидинов;
  • 2-орун — Аскат Бейшебеков;
  • 3-орун — Амангелди Талантбек уулу, Мелис Айтбеков

97 килограмм

  • 1-орун — Үзүр Жусупбеков;
  • 2-орун — Бексултан Мухмудов;
  • 3-орун — Руслан Орозбаев, Данияр Шеримбеков

130 килограмм

  • 1-орун — Ким Роман;
  • 2-орун — Миляс Марков;
  • 3-орун — Давран Садыков.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here