Абхазиянын президенти Рауль Хажимба өз ыктыяры менен отставкага кеткенге мажбур болду. Анын кетишин талап кылып жаткан митингчилер Хажимбанын билдирүүсүн угушканда кубанып, кол чаабышкан. Эске салсак, өткөн жылдын 8-сентябрында Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи туру өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 47,39 пайыз добушун алып жеңишти Рауль Хажимба камсыз кылгандыгын жар салган. Ал эми «Амцахара» оппозициялык партиясынын лидери Алхас Квициния 46,17 пайыз добушту камсыздаган. 9-январда Абхаз драма театрынын жанындагы аянтта оппозиция өкүлдөрү президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана мамлекет башчысы Рауль Хажимбанын отставкасын талап кылган. Чогулган миңге чукул адам ошол эле күнү президенттин администрациясынын имаратын басып алган. Бир бөлүгү Хажимба жашаган мамлекеттик дачага кирүүгө аракет кылганда күч түзүмдөрү токтотуп калган. Ал эми өлкөнүн Жогорку соту оппозициялык «Амцхара» партиясынын лидери Алхас Квициниянын президенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.  Эми президенттик шайлоо кайрадан өтө турган болду. Грузиядан бөлүнүп чыккан Кавказдагы бул тоолуу автономдуу республиканын элинин саны учурда 243 564 адам.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here