Ош шаарында мурдагы мэри, учурда Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарлык кызматында иштеп жаткан Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбеков аёсуз ур-токмокко алынып, облустук ооруканага жаткырылды. Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: Окуя Түштүк-Чыгыш кичирайонунда 11-январга караган түнү болуп, бул кылмышка кылмыштуу топтун «Казак» деген каймана ат менен таанымал мүчөсүнүн тиешеси бар жоктугу такталып жатат Милиция «Казакты» декабрда жаш кызды зордуктап койгону үчүн камаган. Ал бир кызды «үйүңө жеткирип коём» деп уруп-сабап зордуктаган. Бирок кийин сот кайра 8-январда үй камагына чыгарып жиберген. — деп айтылат. «Казак» буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жибергени үчүн кармалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here