Иранда кыйраган Украинанын  жүргүнчү ташыган Boeing учагы кокусунан атып түшүрүлгөн. Бул туурасында Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргенин РИА Новости жазды. 

«Адамдын жаңылыштыгынын айынан бул учак кокусунан атып түшүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Башкы штаб кошумчалагандай, лайнерди Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) аскерий объектисинин жанынан учуп баратканда атып алышкан.

Учакта ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Иран ТИМ жетекчиси Жавад Зариф Twitter аккаунтуна авиакырсык «АКШ тарабынан жасалган авантюризм учурундагы кризистен» улам болгондугун билдирген. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here