Грек-рим күрөшү боюнча 2019-жылдагы Кыргызстандын чемпиону Акжол Махмудов быйылкы өлкөнүн чемпионатына катышпай турганын Махмудовдун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов маалымдады. Ал Акжол Махмудовдун буга чейин жаракат алган сол тизеси дагы эле толук калыбына келе элек болгондуктан ушундай чечим кабыл алынган билдирди . Ушул себептен Махмудовго ири мелдештерге катышуу үчүн кеминде дагы бир айга жакын убакыт керек.

Акжол Махмудов 2019-февралда сол тизесинен жаракат алгандыгына байланыштуу 10 айдан бери калыбына келтирүү этабынан өтүп келатат. Махмудов 2018-жылы Азия чемпиону болгондон кийин, 2020 Олимп оюндарына лицензия алууга өтө жакын болгон. Алдыда Махмудов Олимпиадага лицензия берүүчү турнирге катышар-катышпасы белгисиз. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here