Мамлекеттик чек ара кызматы 9-январдан 10уна караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде саат 00.40та белгисиз адамдар кыргыз жаранынын Баткен шаарына бараткан автоунаасын таш менен ургулашканы боюнча маалымат таратты. Белгисиз адамдар андан соң Тажикстандын аймагына из жашырып кетишкен. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, машинеде отургандардын арасында жабыркаган кыргыз жарандары бар. Автоунаанын арткы жана каптал айнектери сынган.

Маалыматта: болжол менен бир сааттан кийин Тажикстандын жарандары Көчө-Карын деген жерде Баткенден Көк-Таш айылына бараткан башка бир кыргыз жаранынын машинесин да таш менен ургулашканы айтылат. Ал машиненин алдыӊкы айнеги талкаланган.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, болжол менен түнкү саат 02:40та Тажикстандын жарандары Дахма тилкесиндеги Кыргызстандын жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Кыргызстандык жарандын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кошо бараткан чек арачыларга Тажикстан тараптан майда калибрдүү мергенчи мылтыктан ок атылган. Мекеменин маалыматына караганда, ок тажик тараптан гана маал-маалы менен атылып жатат. Баткен облусунда жайгашкан чек ара түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууда.

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарганын кабарлады. Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында жашаган тургундар кыштактагы Шайдулла Ганы орто мектебине жайгаштырылды. Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк жана Көк-Таш айылынын Көчө-Карын аймагында кыргыз жаранынын машинеси талкалангандыгы боюнча факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды.

Чек арадагы чырга байланыштуу Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Тажикстандын расмий органдары бул окуя тууралуу түшүндүрмө бере элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here