Жалпы коомчулукка белгилүү меценат Мирлан Исагалиев Чолпон-Ата шаарына өз каражатына гемодиализ борборун салып берди. Маалым болгондой Исагалиев буга чейин мындай борборду Балыкчы шаарында да ачкан. Аталган борборлордун ичи заманбап тиешелүү жабдыктар менен жабдылган.

Мирлан мырза, мындан тышкары, бир катар облустардын борбордук ооруканаларына Тез жардам үлгүсүндөгү жаӊы унааларды белекке берген. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында ачылган гемодиализ борборунда заманбап үлгүдөгү 5 жабдык бар.

Эске сала кетсек, акыркы жылдары респбулика боюнча гемодиализ жабдыгына муктаж болгон оорулуулардын саны көбөйүп кеткен. Ал эми Чолпон-Атада мындай жабдыка муктаж болгондордун саны 80ге жетет. Анын 30дан ашыгы Ысык-Көл районунун тургундары.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here