Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын кезегинен улам кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы таратты. Өкмөт казак тараптын чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү Евразиялык экономикалык биримдиктин нормаларына каршы келерин эскерткен. Маалыматта: “Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык 8-кеңешинде жүк ташуучулардын кызыкчылыгында Казакстандын аймагы аркылуу товарларды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жолу менен жүктөрдү текшерүүнү камсыздоо механизмин иштеп чыгууга макулдашкан. Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ”, — деп айтылат.

Өкмөт казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам «Ак-Тилек автожол» өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу автомобилдер топтолуп жатканын билдирген. Бул жагдайдан улам өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга чакырган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түзүлгөн жагдайга байланыштуу тиешелүү органдарды маселени чечүү үчүн коңшу өлкө менен сүйлөшүүнү күчөтүү жана Чек ара кызматына кырдаалдан улам кесепетти азайтуу тапшырмасын берди.

Акыркы маалымат боюнча аталган жерде жүзгө жакын автоунаа топтолгон. Айдоочулар буга казак тараптын эл керектөөчү товарларды жүктөп, транзит менен бараткан машинелерге электрондук пломба басуу тартиби себеп болгонун айтышууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here