Бүгүн Кумтөр алтын кенинин аймагында жоголгон эки адамды издөө иштери жүргүзүлүп жаткан жерде жаназа намазы окулду. Буга муфтияттан ураксат берилген. Издөө иштери бир айдан ашык убакыттан бери жүргүзүлүп жаткан.
2019-жылдын 1-декабрь күнү аталган аймакта жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Жоголгон кызматкердин бири И.Өмүрбек 1984-жылдын 17-июнунда туулган. Тоо кен иштеринин мастери. Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери иштейт. Бишкек шаарынын тургуну.

Экинчи кызматкер Ж.Жолдошбек 1972-жылы 14-июлунда туулган. Кумтөр алтын кенинде 2010-жылдан бери эмгектенет. Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here