Кумтөрдө өткөн жылдын 1-декабрында жер көчкүдөн соң дайынсыз болгон ишкананын тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозерчи Жолдош Жунушевди издөө токтотулганын ӨКМден маалым болду. 9-январда жоголгон жумушчулардын туугандары ишкана өкүлдөрү менен кеңешип, издөөнү токтотуу боюнча чечим кабыл алынган. Маалыматта: Жер көчкү алдында калган төрт техника, тетиктери табылып, жумушчулардын сөөгү табылбай калганы айтылат. Муфтият аларга жаназа окуй берсе боло турганын билдирген. Ал эми Центерра жогологондордун туугандарына кенемте акч төлөп берет. Белгилей кетсек, 1-декабрь күнү таңга маал Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here