Буга чейин маалым болгондой Бишкек мэриясы Бишкектин Көлмө жаӊы конушунан 12-кичирайонго чейин каттаган № 5чи газ менен жүргөн заманбап жаӊы автобустарды каттамдан алып, ишин үзгүлтүккө учуратып койгон. Буга нааразы болгон Көлмө жаӊы конушунун тургундары кечээ күнү мына ушул маселе боюнча маалымат жыйынын өткөрүшүп, автобустардын токтоп калышы Бишкек мэриясындагы коррупцияга түздөн — түз тиешелүү экенин баса белгилеп айтышты.

Суракматов менен Койчубаков президент Жээнбековго жаӊы автобустарды мактап жаткан кези

Мэрияга караштуу Бишкек  Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын  жетекчиси Нурлан Койчубаков, Атыканов баштаган бир катар атка минерлер буга чейин эле Бишкектеги №35 жана №5 автобустарды Кытайдан ижарага алып келип иштетип жаткан «Шыдыр жол Кей джи» компаниясына бут тосуп, «шапке» сурашып, ал тургай Койчубаков Ашырматов деген жакын досу (албетте Койчубаковдун атынан) 7 миӊ доллар пара талап кылып, анын 3 миӊ долларын алып жатканда УКМК тарабынан кармалган болчу. Бирок ал «паракор» Ашырматов жеӊ ичинен сүйлөшүүлөр менен эркиндикке чыгып кеткен. Мына сага коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгы…

Көлмө конушунун тургундары мына ушул ж.б. коррупциялык иштерди кенен айтышып, мэриядан №5 автобусту кайра каттамга кое берип, иштетишин талап кылышты. Ошондой эле вице-мэр Азис Алыкулов баштаган атка минерлердин да туура эмес кадамдарын айтышты. Көлмө жаӊы конушунун тургундары мэрия №5 каттамды кайрадан ишке бербесе, митингге чыгып, Көлмө конушунан мэрияга чейин жөө жүрүш кыла тургандыктарын айтышты.

Ал эми мэр Суракматов болсо «Шыдыр жол Кей Джиге» бут тоспойбуз, шаарга газ менен жүргөн автобустарды алып келүү эӊ башкы ишибиз дегени менен иш жүзүндө жасаганы тескери болуп жатат. Анткени Койчубаков Суракматовдун жакын досу. Эске сала кетсек, Нурлан Койчубаков Бакиевдин бийлигинде «Ак жолдон» парламентке депутат болуп, кыргыздын «Каркырасын» казактарга кармата салгандардын бири.

Эске сала ктесек, «Шыдыр жол Кей Джи» компаниясы №5 автобус каттамын Бишкек мэриясы менен келишим түзүп өткөн жылдын июнь айларында ишке киргизген. Бирок ал келишим боюнча №5 автобус жүргөн каттамдагы кичиавтобустарды толук алып салуу жагы каралганы менен иш жүзүндө мэриянын атка минерлери ал кичи автобустарды каттамдан албай, №5 автобустан жүрүшүнө ачыктан ачык бут тосушкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here