Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу кылмышты ИИМ жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды.
Бүгүн, 2020-жылдын 9-январында саат 12:45, 102 маалымат борборуна
Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго белгисиз жарандар кол салып, күч колдонуу менен сабап телефонун алып качып кетишкен.
Аталган кылмыш окуясынын бетин ачуу жана күнөлүүлөрдү аныктап
жоопкерчиликке тартуу боюнча учурда Бишкек шаардык ички иштер
органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө, издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө. Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго карата жасалган кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иш чаралары ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө жана тиешелүү кызматтарга кылмыш бетин ачуу багытында тапшырмалар
берилгендигин баса белгилейбиз.


ИИМдин Басма Сөз кызматы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here