Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетине жакын Бишкек-Торугарт жолун бойлой 100гө жакын жүк ташуучу автоунаа турат. Мындай маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматынан ырасташты.

Кезек өткөн айдын аягынан бери сакталууда.

Айдоочулар буга казак тараптын эл керектөөчү товарларды жүктөп, транзит менен бараткан автоунааларга электрондук пломба басуу тартиби себеп болгонун айтышууда.

Мамлекеттик Чек ара кызматы эки тараптын чек арачылары тарабынан жүктү жана жүргүнчүлөрдү өткөрүүгө атайын чектөө жоктугун, бирок Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин электрондук пломбага байланышкан текшерүүлөрү чек арада оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын пайда кылганын билдирди.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here