«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Нарындагы Солтон-Сары кенинен алтын өндүрүүчү фабрикасынан алтын рудасын уурдаган топ кармалганын УКМК кабарлады. Маалыматта: фабрикада иштеген айрым адамдар руданы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөнү айтылат.

Өткөн жылдын 27-декабрында Оттук айылында «Мерседес-Спринтер» автоунаасы кармалып, анда 1500 кг салмактагы 35 кап өлчөмүндө алтын камтыган руда табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча иш козголуп, Солтон-Сары кенин иштеткен ишкананын башчысы, алтын фабрикасынын директору жана адиси камакка алынды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here