Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу 2019-жылдын 1-декабрынан бери иш токтоп турат.

Ишкананын басма сөз катчысы Марина Гаврилова тоо-кен иштерин жүргүзүш үчүн иш планы бекитиле элек экенин, жумуш качан жанданары белгисиз болуп жатканын билдирди.

1-декабрь күнү таңга маал Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголуп, алар эмдигиче табыла элек. Алар — тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев.

Бул кенде 2016 жана 2017-жылдары да адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here