Чабуулда тартылган сүрөт

Бүгүн Иран баллистикалык ракета менен Ирактагы бир канча аймакка сокку урганын чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты. Сокко урулган базада Пентагон анын ичинде АКШнын аскерлери жайгашкан эки база бар. Ирандын мамлекеттик телеканалы болсо Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактагы америкалык базаларды аткылаганын маалымдады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришэм АКШ бийлиги чабуулдан кабардар экенин, президент тийиштүү адистер менен кеңешип жатканын «Твиттерге» жазды.

Маалым болгондой Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулаймани 3-январда Багдадда америкалык авиациянын соккусунан мерт болгон соң Тегеран менен Вашингтондун келишпестиги күчөп, бири-бирине абадан сокку ура тургандыгын жар салышкан. Генерал Сулайманини акыркы сапарага узатууга 2 миллион адам кытышканы айтылды


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here