Ирандын ЖМКлары Ирактагы АКШнын аскерий базасына урулган соккунун кесепетинен 80 адам каза тапканын жазып чыгышты. н Американын Ирактагы аскерий базасына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысы 4.20) баллистикалык ракеталар менен аткан.  Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку урууга дайын экенин жар салган. АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Эки мамлекеттин ортосундагы келишпестик мына ушундан кийин күчөп баштаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here