Мекендешибиз Валентина Шевченко UFC спорту түрүндөгү дүйнө жүзүндөгү эӊ кымбат деп эсептелген спортчулардын катарына кирди. Ал өз таймаштарынан $1 млн 139 миӊ доллар киреше тапкан. Бул кирешеге дагы башка каржы булактары кошулган эмес. Ал эми биринчи орунда Ронда Роузи турат. Ал $4 млн 275 миӊ доллар кирешелүү болгон. Шевченко UFC спортунда 2015-жылдын декбарь айында алгачкы беттешке чыгып, бул күнгө чейин 9 ирет беттеш өткөрүп, дээрлик баарын жеӊген. 2018-жылдан бери чемпиондук титулун эки жолу коргогонго жетишкен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here