Иран лидеринин аскерий кеңешчиси Хосейн Дехган CNN телеканалына маек куруп жатып, өлкө АКШнын аскерий объектилерине сокку урууга камынып жатканын билдирди. Анын билдирүүсүндө: » Согушту Америка баштады. Ошондуктан өз аракети үчүн татыктуу жооп алышы керек», — деп айтылган. Буга чейин Трамп:

Эскертүү болсун. Эгер Иран америкалыктарга же америка мүлкүнө сокку ура турган болсо, биз Иран жана иран маданияты үчүн маанилүү болгон 52 объектисин бутага алабыз (көп жыл мурун Иран тарабынан барымтага алынган 52 америкалык жарандар). Мунун баары Иран сыяктуу эле өтө тездик менен жасалган оор соккуга кабылат. АКШ кандайдыр бир коркутууларды каалабайт, — деп билдирген.

Трамптын бул билдирүүсүнө Иран тарап: «Трамп 52 десе, биз 300 дейбиз. Колубуздан келет», — деп жооп кылды.

Маалым болгондой: Иран менен АКШнын ортосундагы келишпестик генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин чыккан. 3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы «Кудс» бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуун жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыктарды өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик катчы Майк Помпеого АКШ генералды өлтүрүү менен эл аралык укукту бузганын айткан. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришкен.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыгышкан. Ирак бийлиги болсо өлкө аймагындагы америкалык аскерлерди чыгаруу чечимине келди

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here