Талас — Тараз унаа жолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна жаңысын куруу үчүн Япония 16 миллион 392 миң долларлык грант берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун долбоорду ратификациялоо жөнүндө кол койгон мыйзамында жазылган.

2019-жылдын 17-июлунда кыргыз өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан гранттык макулдашуу түзүлгөн. Ал мыйзам долбоорун 5-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алынган.

Бул грантка Талас — Тараз автожолунун 82-чакырымындагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна жаңысын куруу пландалууда. Ошондой эле көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу каралган. Келишимге ылайык, көпүрө сала турган компанияны Япония өзү тендер өткөрүп аныктайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here