Биринчи май райондук соту Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алууга байланыштуу тендер боюнча иш козголгон, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге жана Данияр Бакчиевге, ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын экс-башчысы Талант Абдуллаевге карата сот өкүмү чыгарды. Аларга алты категориядагы айыппул салып, эркиндикке калтырган. азырынча өкүм боюнча аларга канча айыппул салынганы белгисиз.

Маалым болгондой Мамакатто кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. УКМК тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» компаниясы утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган. Анын алкагында Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Кийинчерээк бул адамдар тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаиковага быйыл август айында иш козголгондон кийин, ал качып кеткен.

Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле.

Бул чатактан соң германиялык компаниянын арызынын негизинде Жогорку сот «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

Буга чейин литвалык компаниянын өкүлдөрү эгер кыргыз бийлиги бул тендер боюнча мыйзамдуу чечим кабыл албаса, Эл аралык арбитражга кайрылып, 62 миллион доллар доо талап кыларын эскерткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here