Кочкор районунда Жаңы жыл түнү адам өлүмү катталганын Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта: милицияга 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу тургунун көрүү үчүн барышканын, бирок ал белгисиз себептен улам эчак эле каза болуп, жансыз денеси уктоочу бөлмөдө жатканы айтылат. Тергөөдө маркум келинди жолдошу А.У. келинчеги экөө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, эки жолу башка муштап, бир жолу каркушка катуу тээп жибрген. Экөөнүн бир кыз, бир уулду тарбиялап жатышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here