Бишкек шаарынын мэриясы канадалык April Ekoj Company компаниясы менен биргеликте Бишкекке метро курууну максат кылып жатат. Мындай келишимге борбор калаанын вице-мэри Рыспек Сарпашев жана канадалык инвест-компаниянын башкы директору Эмануэль Майлет кол коюшканы белгилүү болду.

Маалыматта: Бул ири долбор өз нугунда жүрсө 5 жылдан кийин, тагырагы 2025-жылы аяктап калат. Келишимдин биринчи этабында көрсөтүлгөн сумма 950 миллион долларды чапчыйт. Негизинен долбоор үч этапка бөлүнгөн. April Ekoj Company компаниясы бирден бир дүйнөлүк инвестициялык синдикат болгон April Goup корпорациясына кирет.

Долбоор ушул жылы башталып, биринчи этапта 50 чакырым жол жана 20-25 станция курулмакчы. Метро шаардагы тыгындан арылуу максатында тартылып жатат. Эгер долбооор ийгиликтүү ишке ашса, Бишкекте биринчи кезекте кичиавтобустар азаймакчы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here