Кыргыз элине белгилүү болуп калган өзгөчө үнү бар ырчы Орунбасар Кызалаков кечээ күнү каза болду. Мындай маалыматты Талас облустук администрациянын басма сөз катчысы Бакай Абдымаликов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Талас районунун Көк-Кашат айылында жашачу. Ырчы58 жашында Бишкектен каза болгон

Орунбасар Кызалаков “Биздин өзөн”, “Таңкы поезд”, Таласым таңшыйт” ж.б. обондуу ырлар менен жалпы элге таанылган.

https://www.youtube.com/watch?v=03YE6Mtlk_s&t=73s

Ал эки жыл мурун «Турмушка» берген маегинде өзү тууралуу буларды айтып берген:

-Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. 2-курсумда окуумду таштап, 1981-жылы Москвадагы техникумда токардын окуусун окуп бүткөм. Москвада жүргөндө эстрада музыкасы абдан жагып калды. Ал музыка Таластан барган жаш уланга зор таасирин тийгизди десем болот. Мага алардын музыкасы жомоктогудай сезилип, өзүмдүн обондорум менен орус элине келем деп максат койдум. Ошондон тарта гитара менен обон жарата баштадым. Кыргыз музыкасын европа музыкасынын агымына салып, обон жарата баштадым. Дүйнөлүк фондо кыргыз музыкасынын 12 мүчөсү түгүл ар бир кайрыгы маңыздуу, салмактуу.

Бүгүнкү күндө даяр 3 обон жыйнагым бар. Үнүмдү дагы өзгөчө деп айткандарды көп угам. Үн мага атамдан калган деп ойлойм. Атам Кызалак уулу Масалбек 13 жашынан тарта дастан айтчу экен. Кичинебизде «Манас» китебин алып, 2 күн ичинде обонго салып окуп бүтүрүп койчу эле. Мен бүгүнкү күнгө чейин андай адамды көрө элекмин. Манас атабыздын 1000 жылдыгында «Талас таңшыйт» аттуу ырым менен конокторду тосуп алып, кайра ошол ыр менен узатышкан эле. Ормон хандын 220 жылдыгында аткарылган ырдын обонун жазып бергем. Чыгармачылыкта өмүр бою гитараны дос кылдым. Көптөгөн окуучуларды чыгардым. Ырчы Гүлзада Рыскулова биринчи окуучум.

Мага үй-бүлө бактысы буйрубагандай. Биринчи Москвада жүргөндө молдован кызга үйлөнгөм. Экөөбүз Таласка келип жашадык. Анан мени аскерге алып кетип калышты. Аны болсо апасы алып кетип калыптыр. Апасы алып кеткен соң намысым жол бербей, мени кабардар кылбай кетип калды деп, мен да барбай койгом. Экөөбүздүн эгиз балабыз бар. Алар 35 жашта, катташып турабыз. Андан кийин кыргыз кызын алгам. Андан дагы 2 балам бар. Бирок ал экөөбүз дагы жашабайбыз. Жашоодо жалгыз эле келе жатам

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here