Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Түрк дүйнөсүнүн кайра жаралуусуна кошкон салымы үчүн» эл аралык сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар, интеллектуалдар жана искусство чеберлеринин фонду (Türk Dünyası Yazarlar ve Sanatçılar Vakfı – TÜRKSAV) өткөргөн атайын маалымат жыйында айтыды

Калыстар тобу Мирзиёевдин жетекчилиги алдында ар кайсы жаатта жасалган реформаларга жогорку баасын беришкен. Сыйлоо аземи Анкарада май айында өтмөкчү.

TÜRKSAV — Түркиянын демилгеси менен 1996-жылы негизделген бейөкмөт уюм. Максаты — коомчулуктун көңүлүн Түрк дүйнөсүнүн айтылуу инсандарынын ишмердүүлүгүнө буруу болуп саналат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here