-Таалайбек мырза, быйыл чет мамлекеттерге депутат катары көп эле чыктыӊар окшойт. Кайсы мамлекетке барганыӊыз өлкөбүз үчүн жемиштүү болду деп эсептейсиз?

— Быйыл мен бир катар менен депутаттар менен Японияга барып келдим. Ал иш сапарда Кыргызстан менен Япониянын достугун, мамилесин, кызматташуусун чыӊдоого салып кошуу аракетин кылдык. Ошондой эле бир катар багыттар боюнча гранттык жардам алуу маселеси боюнча сүйлөшүү жүрдү. Кудай буйруса, ал жардамдар боюнча максатыбыз 2020-жылы ишке ашып калса, ал иш сапарыбыз мамлекет үчүн жемиштүү болду деп эсептейм. Негизи Япония жардам берүү багыттарын көпкө иликтейт, анан өздөрү ошол багытта чечим кабыл алышса, анда буйруса, жардамдарды көп өлчөмдө көрсөтүп келатканын байкап жүрөбүз.

зап бараткан жылы үй-бүлөӊүздө окурмандар үчүн айта  турган ийгиликтериӊиз барбы?

-Кудай буйруса, быйыл биздин үй-бүлөдө да жакшы ийгиликтер болду. Менин эки уул, эки кызым бар. Уулу балам  жакында эле дзюдо  боюнча Кувейтте Азия чемпионатында (жаштар арасында ) команда арасында жеке күрөштө күмүш, командалык таймашта алтын медаль алды. Өзү да абдан сүйүнүп келди. Биз үчүн да быйыл бул жеӊиш абдан кубанычтуу, сыймыктуу болуп калды.

— Буйруса, балаӊыз сиздин жолду жолдоп жаткан  турбайбы…

-Куйдай буйруса дейли. Союз учурунда биздин шартыбыз башка эле. Ал кезде мен айылдан ал кездеги Фрунзеге келип сынак менен спорт мектебине өткөм. Азыр эми Кудайдын кулагы сүйүнсүн баламды дзюдонун мекени болгон Японияда окуп жатат. Быйыл 1-курста окуп жатат. Кызым болсо  Кыргыз-Славян окуу жайын кызыл диплом менен  бүтүп, чет мамлекетке магистратурага тапшырган.  Калган балдарым мектеп жашында. Үй-бүлөдөгү негизги жетишкендик, ийгиликтерибиз ушул.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here