-Таалайбек мырза, быйылкы жыл сиздин байкооӊузда мамлекетибиз үчүн кандай жыл болду?

-Кудай буйруса, жакшы жылдардан болду. Эӊ башкысы мамлекетибизде тынчтык, токчулук жылы болду.  Президентибиз быйылкы жылы экинчи жолу  Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандан бери жыл соӊуна чейин аймактарда бир топ иштер аткарылды. Себеби, “Ааламга жол – айылдан башталат”- деп бекеринен айтылбайт да. Ошондуктан бул багытта дагы да мыкты иштерди жасай беришибиз керек. Быйылкы жылы бир топ мамлекеттер менен мамилени чыӊдоо, карым-катнаш кылуу маселеси да ийгиликтүү улантылды. Мисалы, бул жатта борбор шаарыбызда ШКУ, ЖККУ эл аралык уюмдары жакшы деӊгээлде өткөрүлүп, Россиянын, Кытайдын ж.б. мамлекеттердин лидерлери келишти. Ошондой эле президентибиз быйыл бир топ мамлекеттерге барып, эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнү үстүндө иш алып барды. Бир топ социалдык долбоорлор, курулуштар бүткөрүлдү. Биз дагы депутат катары өз милдетибизди так аткарууга аракет кылдык. Чынында ар бир аймактарда, анын ичинде өзүбүздүн кичи мекенибизде бир топ чечилбеген көйгөйлөр бар. Шайлоо учурунда ошол көйгөйлөрдү чечүү үстүндө иштейбиз деп аракет кылганбыз. Артта калган 4 жыл аралыгында колубуздан келген иштерди аткардык. Алдыда дагы бир топ иштер турат. Жыл жаӊырса, январь айынын башында өзүм депутат болуп шайланган Базар-Коргонго барып, элге быйыл жасаган иштер боюнча маалымат берип, дагы да суроо-талаптарын угуп келем. Бул иш мен үчүн 4 жылдан бери салт катары болуп калды. Өзүм убада берген иштердин кайсыны кандай деӊгээлде бүтүп жатканын убагында айтып туруу биздин милдет

— Райондо өзүӊүз демилгелеп, өкмөт менен бирдикте бүткөрүп жаткан иштер тууралуу учкай айтсыӊаз…

Аз күн мурун өкмөт башчы менен Базар-Коргонго барып келдик. Быйыл жылдын аягына чейин Кайырма айылына 100 орундук бала-бакча куруу боюнча убада бергем. Кудай буйруса, ал бала-бакча азыр 99 пайыз бүттү. Болгону балдарга керектүү ички буюмдарды эле сатып алуу калды. Ушундай эле бала-бакчаны Кеӊеш айылына да куруу сунушун бергенбиз. Ал бала бакча да быйыл курулуп, чатыры жабылды. Эми 2020-жылы толук бүткөрүлөт. Ошондой эле Бешик-Жон айлында 25 миллион сомго спорт комплекси курулган. Ал комплекске керектүү буюмдар менен толуктоо иштерин жүргүздүк. Ушул эле айылда Үй-бүлөлүк дарыгерлердин имаратын 2, 5 миллион сомго оӊдоо иштери болду. Ал эми араб өнүктүрүү фондору быйыл Базар-Коргондук борбордук ооруканасынын Тез жардам чакыруу  бөлүмүнө жаӊы имарат куруп беришти. Андан тышкары, Кеӊеш айылына ФАП куруп беришти. Дагы айтып койчу нерсе, менин жакшы таанышы ишкер досторум 3 даана трансформатор дагы  коюп беришти.  Өкмөт болсо ар бир райондун борборуна 3 чакырымга асфальт төшөө иштерин жасады.

Ал эми биздин айылда таза – суу менен камсыздоо иши бир аз аксап калгансыганы менен эӊ негизгиси иш алдыга жылды. Буйруса, 17 айылды таза суу менен камсыздоо иштери жүргөнү турат. Чынында мага  көптөгөн көйгөлөр менен кайрылышат. Бирок баарын бир заматта чечип жиберүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан,  акырындык менен четинен чечүүгө аракет кылып жатабыз. 2018-жылы Базар-Коргон үчүн чоӊ бир жакшы иш болгон, аны да кайталап айтып койбосок болбойт. Ал жылы районго 34 миллион сомго мыкты  стадион курулган. Андай стадион районго 27 жылдан бери курула элек болчу. Бул иш чынында чоӊ саамалык болуп калды.

-Элибизге жаӊы-жылдык куттуктооӊузду айта кетсеӊиз…

-Сапары карып бараткан бул жылыбыз мамлекетибиз үчүн жакшы жылдардан болду. Жалпы коомчулукту өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атымдан 2020-жыл жаӊы жылыбыз менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бир мекендешибиздин тилген тилектери, асыл максаттары  жаӊы –жылыбызда ишке ашып, ар дайым ден-соолуктары чыӊ болуп, мамлекетибиз үчүн пайдалуу иш жасаганды Жаратканыбыз насип кылсын. Элибиздин намысы, ыйманы абдан күчтүү болсун. Быйыл мына парламенттик шайлоо болот. Бул шайлоодо чыныгы эл жер үчүн күйгөн, мыктылар, чыгаан инсандар депутат болуп шайланып келишсин деген изги тилекти айткым келет…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here