-Нургазы мырза, жалпыга маалым болгондой айрыкча ушундай кычыраган кыштын мезгилинде үйдө аба менен суудай эле керектелген – бул жылуулук эмеспи. Бул чоӊ милдетти аткаруу сиз жетектеген ишканага жүктөлгөн. Бул милдет сиздер тарабынан кандай деӊгээлде аткарылып жатат? Кыйынчылыктар, көйгөйлөр жаралган жокпу?

-Бул багытта эч кандай кыйынчылык, көйөгөйлөр жаралган жок. Анткени биз кышка дайындыкты бир жылда 4 мезгил болсо, ошол 4 мезгилдин ар бир күнүндө тынымсыз көрөбүз. Көйгөйлөр болуп калса, аны өз убагында чечүүгө бүт аракетибизди жумшап келебиз. Сиз өзүӊүз айткандай кыш мезгилинде элибизди жылуулук менен камсыздоо милдети бизге ыйык, чоӊ милдет катары жүктөлгөн. Биз ушул иштин үстүндө болгон аракетибизди күн-түнү көрүп жатабыз.

-Жалпысынан канча от казаныӊар бар?

 -Жалпысынан «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын карамагында 133 откана бар. Тактап айтканда, Таласта – 4, Чүйдө – 41, Жалал-Абадда – 26, Нарында – 23, Ысык-Көлдө – 31 жана Ошто – 6 откана иштеп, жылуулук тармагында калкка ийгиликтүү кызмат көрсөтүп келүүдө. Алардын ичинен 19 откана газ,  27си мазут, 53ү көмүр,  32си электр энергиясы менен иштейт. Ал эми  жылуулук түтүктөрүнүн  жалпы узундугу 343,4 чакырымды түзөт. Мына ушул от каналардын 30 пайызы гана көмүр менен жылыйт. Калгандары мазут, газ менен жылыйт. Бирок газ менен мазуттун баасы көмүргө караганда кыйла жогору.

-Эми ушул жылуулукка болгон элдин төлөмү, мамлекеттин кошумча жардам тууралуу айтып берсеӊиз?

-Кудай буйруса, эл төлөм маселесин түшүнүү менен өз убагында эле төлөп жатат. Бул багытта мамлекетибиз элге чоӊ жардам кылып келет. Биздин ишкана өндүргөн  1 гигакалорий жылуулуктун баасы  5300-5400 сом болсо, анын 1134 сом абонент төлөйт, калган 4000 сомун мамлекет биз аркылуу  субсидия кылып, төлөп келет. Бул биздин абоненттерге мамлекет тарабынан чоӊ жардам болуп эсептелет. Ошондой болсо да биздин эсептөө боюнча тилекке каршы калктын 10 пайызга жакынынын жылуулукка төлөө жөндөмдүлүктөрү төмөн. Анткени элибиздин көбү тышкы миграцияга чыгып кетип, көп кабаттуу үйлөрдөгү көптөгөн батирлер бош турат. Ошентсе дагы жылуулукка болгон төлөмдөрдү өз убагында топтоо үчүн ай сайын филиалдарга барып коюлган пландын аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүлөт. Карызы өтө көбөйгөндөр тууралуу сот органдарына  кайрылып, өндүрүп алып турабыз.

-Мына ушул жардамды элдин көбү билбейт?

-Ооба. Туура айттыӊыз. Чынында бул социалдык жардамды абоненттердин көбү билишпейт. Биздин ишканада 45 миӊ абонент бар. Бул деген 45 миӊ адам эмес, 45 миӊ турак –жай. Балким, бир үйдө 5 адам, же 7-8ге жакын адам жашайт. Дагы айта кетчү маселе биз 1134 сомдук төлөм – бул  киши башына эмес,  үйдүн чарчы метрине жараша болот. 1 гигакалорий – бул 50-60 чарчы метр үйдү бир ай бою жылытканга жетет. Бул маселени биз катуу көзөмөлгө алабыз. Мен өзүм дагы абоненттер үчүн түз телефонумду берип койгом. Каалаган абонент чалып, өзүнүн маселесин түз айта алат.

-Абоненттер тарабынан жылуулук боюнча нааразычылык жокпу?

-Андай нааразычылык жок. Үйдөгү жылуулук 18 градустан төмөн болбошу керек. Эгер ал көрсөткүчтөн төмөндөп кетсе, анда абонент биздин ишканага акы төлөбөй коюуга милдеттүү. Биздин милдет абоненттер үчүн төлөмдү мүмкүн болушунча азайтуу. Техникалык жоготууларды да азайтуу болуп эсептелет. Бизге тиешелүү мекемеден бекитилип берген техникалык жоготуу 24 пайызды түзгөн. Биз ал көрсөткүчтөн бир аз азайттык. Дагы да азайтуунун үстүндө талапка ылайык иштер аткарылып жатат.  Мына биздин команда үчүнчү кышты буйруса ийгиликтүү өткөрүп жатабыз. Буга чейин бизге эч кандай нааразычылыктар болгон жок. Негизинен биз кызмат көрсөтүүдө биринчи кезекте сапатка басым жасайбыз.

-От казандарды, ишканаларды оӊдоо иштери кандай деӊгээлде жүрүп жатат?

— Быйыл багытта бизге 95 миллион сом каралган. Кудай буйруса, бул каражатка максат кылган иштерди 100 пайызга аткардык. Айтсак, Чолпон-Атада жаӊы от казан койдук. Таш-Көмүрдөгү от казаныбыздын системасын жаӊыладык. Жалпысынан  9  чакырым жылуулук трассаларын капиталдык оӊдоодон өткөрдүк.  343 чакырымдан ашык жылуулук системасына  пландык оӊдоо жүргүзүлдү. Мына ушул сыяктуу ж.б аймактарда да максат кылынган иштер аткарылды.

Эми кеп соӊунда, жаӊы-жылдык куттуктооӊузга кеп кезегин берели…

-Босогобузга кирип келген жаӊы-жылыбыз эӊ башкысы жакшылыктын, тынчтыктын, токчулуктун, ар тараптан өнүгүүнүн жылы болсун. Ушул жылы ар бир мекендешибиз ойлогон ой-максатарын  жетип,   мамлекетибизге ак эмгегин кыла беришсин. Ар бир үйдө жылуулук өз деӊгээлинде болуп, ошол жылуулук ар бир адамга кубаныч тартуулап турса, биз өз милдетибизди так аткарып жатабыз деп эсептейбиз. Мен жаӊы-жыл күнү ар бир үйдөгү эле жылуулукту эле эмес, ар бир адамдын жүрөгүндөгү мекенге болгон сүйүү, мекенчилдик сезим –  абдан ысык жаан тереӊ болсун деген аруу тилекти айткым келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here