-Мирслав мырза, кадр маселесине байланыштуубу, же башка бир себептери барбы, айтор сиз бул кызматка дайындалгандан көп өтпөй сизди сындап, айрым ЖМКларга “заказ” өӊдөнгөн материалдар чыгып кетти. Бул боюнча өзүӊүз айтып берсеӊиз?

-Мен бул кызматка келгени  Жалал-Абад дагы Кызыл –Үӊкүр токой чарбасынын жетекчисинин кызматтан алгам. Буга себептер бар болчу. Ал жерде  тартип дагы, иш дагы жакшы эмес болчу. Жогорку Кеӊеште да каралды. Ошол чарбада  кыргызчасын айтканда соогандар да казылып, бир аз чуу болуп кетти. Иштен алынган киши өзүнүн күнөөсүн сезбей, ызаланат экен да. Кызматтан алынган  адамдын ордуна акимдин сунушу менен бир кадрды койгонбуз, бирок аны эл иштетпей койду. Керек болсо мага да ошол маселе менен келишти. Эмнеге дегенде мындай көрүнүштү  кызматтан алынып, ызаланып жаткан  адам уюштуруп койду да.  Азыр эми убактылуу кылып, башка  адамды дайындадык. Ал дагы Москвадан билим алып келген адис.  Мына ушундай маселе болуп,  элди да аралаштырып жиберишти. Себеби, шайлоо жакындап келатат. Ал аймактан шайланган бир топ депутаттар  бар дегендей. Мен негизинен кесипкөй адистерди колдойм. Ал эми ЖМКларга мени жамандаган боюнча макалалар «заказ» экени ачык-айкын эле байкалып турат.

 -Жалпы жонунан сиз жетектеген мекемеде кадр маселеси талапка жооп береби?

— Дээрлик басымдуусу талапка жооп берет. Мисалы. Көл аймактарында дээрлик ушул кесиптин ээлери иштешет. Башка аймактарда кичине башка кесиптегилер болуп аралашып кеткен. Биздин тармакка акыркы кездерде айыл чарба тармагынын адистери да иштесе болот деген жобо кирип калыптыр. Ошондо биздин тармакта зоотехник, агроном, ветврач сыяктуу адистер да кызматка туруп калып жатышат. Бирок канткен менен алар биздин тармактан алысыраак.  “Чымчык сойсо да касапчы союш керек” – дегендей, токойго өзгөчө мамиле кылбасак болбойт.

-Токойчулардын айлыгы аз экени көптөн бери эле айтылып келет…

-Туура. Абдан аз. Мен жакында аймактарды кыдырганда айлыктын аздыгын айтышты. 3,5 гектардан 5 миӊ гектарга чейин токойду кайтарган токойчулар болгону 5 миӊ сом айлык алышат. Биз  айлыкты көбөйтүү боюнча өкмөткө да кайрылганбыз. Бүгүнкү күндө бул боюнча токтомдор даярдалып, аракеттер  болуп жатат. Токойчуларыбыздын айлыгын Кудай буйруса биринчи кадам катары 10 миӊ сом айлык алып калышса да жаман эмес.

-Жакында Жогорку Кеӊеш келерки жылга карата бюджетти кабыл алды. Сиз жетектеген мекеменин бюджети жетиштүү элеби?

-Биздин 900 миллион  сомго жакын бюджетибиз бар. Жетиштүү эле деӊгээлде десем болот. Бирок ушул бюджетибизди толугу менен Каржы министрлигинен алып чыгуу кыйынга туруп, жылдын аягында берилбей калат. Себеби, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо сыяктуу чоӊ социалдык багытты толук камсыздоо болуп жатып, биз кичине унутулуп калып жатабыз.  

-Ошондо бюджет канча пайызга аткарылбай калууда?

-Бизге мыйзам боюнча каралган бюджеттин 60 пайызын эле алып жатабыз. Негизинен кызматкерлерибизге айлыкка толук каралат. Ал эми биз токой чарбасына 90 миллион сурасак, ошонун 40-50 миллион сому берилет. Бизде эми токой чарба чоӊ да. Биз өзүбүздүн ички булактарыбыздан  жылына 500 миллион сом мамлекетке төгүп берип жатабыз. Бул  акча акча токой чарбасындагы жайыттардан, уулу заттарды чыгарган жайлардан, көчөттөн чогулат. Буга чейин биздин мамлекетке кошуна мамлекеттерден кирген машинелерден да төлөм алынып, бир топ чоӊ акча чогулуп калчу. Бирок бул да жоюлуп кетти. Себеби, ЕАЭСке киргенибизден бери андай төлөмдөр токтотулган. Жогоруда айткан 500 миллион сом толук өзүбүздө калса, анда биз бүт көйгөйлөрүбүздү толук чечет элек. Бул акчадан биздин алганыбыз 40-50 миллион сом эле болуп, чектелип жатат. Дагы бир мисал, чет элдиктер келип бизге аӊчылыкка чыгып жатышпайбы. Алардан жылына 90 миллион сом түшөт. Ошонун баары эле бюджет кодекси менен өкмөткө  төгүлөт. Жок дегенде 90 миллиондун 10 -20 пайызы өзүбүздө калса деле бир топ маселелерди чечкенге жарамак.

-Жакында Жогорку Кеӊеш тоо жаныбарларын атыгуу тыюу салган мыйзамды колдобой коюп, бул маселе коомчулукта катуу талкууга алынды. Бул маселе боюнча сиздин пикириӊизди уксак…

-Биз  депутаттардын  ал мыйзамына биз каршы чыккан жокпуз. Эгер бул мыйзамды депутаттар колдоп койгондо, жаратылышыбыздын  14 миллион гектар жери кайтарылбай калат. Себеби,  жеке менчик   аӊчылык  фирмалры жерлерди тосуп, кайтарып жатышпайбы. Алардын баарын кетирсек, анда биз 160 штатка муктаж болуп калабыз. Өкмөт анда бюджеттен бул ишке 400 миллион сом бөлүп бериши керек болот.

Себеби, бизде жетиштүү деӊгээлде тоо жаныбарлары бар. Алардын саны бүгүнкү күндө  аркар-кулжалардын саны15-16 миӊдин тегереги. Ошонун ичинен жылына атылган 80, бул 1 пайызга да жетпейт.

-Бирок бул маселеде көмүскө да көбүрөөк атылып жатканы көп эле айтылып жатат го…

-Андай көрүнүш такыр жок деп айтуудан алыспыз. Айрым учурларда болуп жаткандыр. Биздин норма боюнча 16 миӊден  жылына 160 аркар-кулжа атылыш керек болот. Мисалы, текелерибиздин саны 50 миӊге жакын. Андан жылына 700дү атууга уруксат берилет. Кыскасы, жаратылышка зыяны тийбеген деӊгээлде гана атышыбыз керек. Бул жагы кандай болгон күндө да мыйзамда көрсөтүлгөндөй болушу зарыл. Биз ага катуу көзөмөл кылбасак болбойт. Бирок сиз айткандай мыйзамсыз атууну таптакыр токтотушубуз абзел. Жалпыга маалым болгондой акыркы жылдары тоо жаныбарларын аткандарга айып пулдун көлөмүн абдан көбөйткөн. Мисалы, аркарды  мыйзамсыз аткандар  1 миллион  сом, ал эми илбирске 1,5 миллион айып төлөйт. Бул жагы жакшы жардам берип, терс көрүнүштөрдү азайтып жатат. Жакында бир адам аркарды мыйзамды атып кармалды,  миллион сом төлөдү.  Биз егерлерге толук шарт түзүп беришибиз керек.  Заманбап үйдү салып, атын, куралын,  кийимин ж.б. жабдыгын толук беришибиз керек.  Бул багытта азыр биз эл аралык уюмдарга таянып иш кылып жатабыз.

-Эми кеп соӊунда элибизге эки ооз жаӊы-жылдык куттуктоо айта кетсеӊиз?

-Эӊ башкысы быйылкы жыл мамлекетибиз үчүн жакшы жылдардан болду. Биринчи кезекте мамлекетибизде, тынчтык, туруктулук болду. Босогобузда турган 2020-жылыбыз мамлекетибиз үчүн тынтчытыктын, токчулуктун, өнүгүүгүн жылы болсун. Ушул жылы алдыга койгон асыл максаттарыбыздын баары ишке ашып, баарбыз бийиктиктерди багынта берели. Жакшылыктарыбыз абдан көп болсун. Мен ушул жаӊы-жылыбызда дагы жалпы элибизди жаратылышыбызды, токойлорубузду сүйүүгө, өзгөчө мамиле кылууга чакырам!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here