Таалайбек Сарыбашов, Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов. (солдон оңго)

Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келаткан Кылыч Саркарбаев 27-декабрда Оштун мэринин жаштар үчүн уюштурган жаңы жылдык кечесинде «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамын алды. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Мэрия бул тандоону социалдык тармактардын колдонуучулары тандашканын айтып шылтоо кылды

Белгилей кетсек, Ош облустук милициясы «Саркарбаев ушул жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат жарыялаган. Көп өтпөй Рахманберди уулу өзүн-өзү атып алганын билдирген. Ошол учурда Саркарбаев «Женго» каймана аты менен таанымал, кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досонов менен Ош шаардык убактылуу кармоочу жайында жанаша басып бара жаткан видео тараган. Мекеменин маалымат кызматы видео 2015-жылы тартылышы мүмкүн деп билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here