-Мирслав мырза, сиз 1980-жылдардын башынан бери токой чарба тармагында иштеп келаткан тажрыйбалуу адиссиз. Бул кызматка жаӊы дайындалганыӊыз менен бардык жумуш, бардык көйгөй сизге жакшы тааныш. Негизиги ишти эмнеден баштадыӊыз?

-Сиз туура белгилеп кеттиӊиз.  Бул тармак жүрөгүмө жакын кесип. Токой чарбада 1983-жылдардан тартып иштеп баштагам.  Бул тармакта  Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарында жетекчилик кызматтарда иштедим. Бул мекемеге жетекчи болуп келгениме 3 айдан ашты. Президентибиз быйылкы бүтүп жаткан жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү  жылы деп жарыялабады беле . Ушундан улам мен алгач ишимди аймактарды кыдыруудан баштадым. Биринчи сапарыбыз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдырып, өзүбүздүн тармакта аткарылып жаткан иштер менен таанышып, көйгөйлөрдү уктук. Мисалы, токой чарбаларын кыдырып, таанышып чыктык. Чынында токой чарбалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер  анчалык талапка жооп бербей, бир аз аксап калган экен. Себеби, акыркы мезгилдерде  көп мыйзамдар чыгып, анын негизинде түздөн-түз агенттиктен токой өнүктүрүүгө каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүктөр болбой калыптыр. Бюджеттин 35-статьясына ылайык биздин Республикалык  жаратылыш коргоо  фонду  бар. Ал фондго жылына  ар кандай төлөмдөрдөн 250 — 300 миллион сомдун тегерегинде каражат чогулчу. Аталган каражат биздеги башкармалык аркылуу көйгөйлүү токой чарбаларга  бөлүнүп берилип, көйгөйлөрдү жоюу аракети көрүлүп турчу. Бул маселе да жолго салынбай, алыстап калыптыр. Бизде Кыргызстан боюнча жалпысынан 12, 5 гектар көчөткана (питомниктер) бар. Ошол көчөтканаларда жалпысынан 15, 5 миллион ар кандай көчөттөр бар. Анын 6 миллиону башка жактарга көчүрүп, олтургузууга жарап калган, жарактуу көчөттөр болуп эсептелет. Биз иш сапардын жүрүшүндө көрүп чыктык, Оштун Ноокат, Араван райондорунда токой чарбалары жакшы экен. Баткенде да жакшы иштер жүрүп жатыптыр. Мисалы, Ош менен Баткендин ортосундагы ээн талааларга  “саксаул” деп аталган бактарды тигип жатышыптыр. Ал бак сууну көп пайда кылбайт, экологияга да пайдалуу болуп калат.

-Экология жагынан кандай көйгөйлөр бар экен?

-Бул маселени эч качан көз жаздымда калтырбайбыз. Мисалы, облустардагы борбор шаарлардагы саркынды сууларды, таштандыларды таштоочу жайларды, от казандарды  көрдүк. Мунун баары туура эмес болсо албетте экологияга терс зыяны болот да. Ошондуктан бул маселени биз алдына алуу, ишти талапка ылайык жакшыртуу боюнча  облус жетекчилери менен сүйлөштүк. Кадамжайдагы Сурма комбинаттын ишин көрдүк. Бүгүнкү күндө казактар бир аз иштетип жатыптыр. Бирок ал жердеги саркынды суу, таштанды ж.б. экологияга зыяны байкалып турат. Аны да алдына албасак, келечекте зыяны тийип калышы мүмкүн. Ош шаарында да экология  маселеси укмуш жогору сакталып жатат деп айтууга болбойт. Ал шаарда да автоунаалар көп, шаар өзү мазут жагат экен, бирок тегерегиндегилер бүт эле көмүр жагышат экен. Биз бул иш сапарларда жергиликтүү бийлик менен биздин эколог, токойчуларды  жакындатууну максат кылганбыз.  Бул ишти чындап күчөтпөсөк болбойт. Түштүктөн кийин, Талас облусун да кыдырдык. Ал жактагы облус жетекчилери, биздин кесиптештерибиз да  саркынды суу, таштанды ж.б. боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Жер-үй алтын кенине да барып, иштин жүрүшүн, экология ж.б. маселелер кандай сакталып жатканын көрдүк. Ал жердеги иштер заманбап деӊгээлде аткарылып жатыптыр. Андан кийин Ысык-Көл, Нарынга бардык. Нарында көйгөйлөр азыраак экен. Бирок токой чарбаларды техникалык жактан  талапка ылайык камсыздоо маселеси курч экен. Ушул ж.б. маселелрди губернатор менен талкуулап, чечкенге аракет кылдык. Ысык-Көлдө чынында көйгөлөр көп. Мисалы, ошол эле саркынды суу маселесин алалы. Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларындагы саркынды сууларды агызуу системасы абдан эскирген. Өзгөчө Чолпон-Атада бул боюнча коркунуч бар. Мисалы,  ал сууларды өзүнчө агызган атайы жай болот да. Ошондой жай көл жээгинде турат.

-Канча метр?

-100 эле метр.

-Астынан көлгө сиӊип, коюлуп жатышы мүмкүн да…

-Ооба. Андай эмес деп да четке кагып айтуу кыйын. Союз убагында да бул маселеге негедир жакшы көӊүл бурулбай калган.  Бүгүнкү күндө мындай маселени чечүү багытында Азия өнүктүрүү, Европа банктары менен чоӊ иштер жүрүп жатат. Бирок ал банктардын жардам берүү мөөнөтү узак, 10, 20 жылга созулуп кетет экен. Биз тез арада караганга аракет кылып, жетекчилер менен сүйлөшүүлөр  жүрүп жатат.  Кара-Кол шаарында да саркынды суулар Чолпон-Атадагыдай эле көл жээгинде топтолуп турат. Кудай эле сактасын деӊизчи, бирок кокус жарылып, же башка бир кырсык болуп кетсе, миллиондогон куб саркынды суулар көлгө агып кетет.

Андан тышкары, таштандыларды таштаган жайлар дагы көл жээгинде жайгашыптыр.  Бул маселени чечүү үчүн Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү  Акылбек Осмоналиев менен сүйлөштүм. Саркынды суу, таштанды маселесин тоо этектетип көчүрүүгө жер аябайлы деген сунуш айттым. Керек болсо керектүү жерди резервде турган жерден, же жеке адамдардан деле сатып алуу маселесин дагы карайлы деген ойлор айтылды. Антип маселе чечпесек, Ысык-Көлүбүзгө чын эле чоӊ коркунуч  болуп турат.  

  “Жашыл климаттык фонд” деген чоӊ уюм бар. Башкы кеӊсеси  Сеул шаарында жайгашкан. Ал дүйнөлүк уюмга 195 өлкө мүчө. Биздин мамлекет дагы жакында ушул абройлуу уюмга мүчө болду. Мүчө болуш үчүн мыйзамды биз Жогорку Кеӊештен 3 окуудан өткөрдүк. Президентибиз кол коюп берди.

-Пайдасы кандай болот?

 — Буйруса, пайдасы биздин мамлекет үчүн чоӊ эле болот. Бул фонддо  100 млрд долларга жакын акча бар. Ал акчаны өнүгүп келаткан мамлекеттерге жашыл экономиканы өнүктүрүүгө, токой тигүү, көбөйтүү сыяктуу иштерге  берет.

-Кыргызстанда канча гектар токой бар?

-Жалпысынан токой фонду 3,5 миллион гектар жер. Облустардан алсак, Жалал-Абад менен Ысык-Көлдө токой аянты көп.

Айтылуу Арстанбап токойу…

-Республика боюнча жылына канча гектар жерге көчөттөр  тигилет?

Жылына биз 2 миӊ гектар жерге көчөттөрдү олтургузабыз. Мисалы, былтыр 2700 гектар жерге көчөт олтургузулуптур. Андан тышкары, жергиликтүү бийликке, мекемелерге көчөттөрдү беребиз. Бизде акыркы жылдары токой көбөйтүү үчүн ылайыктуу жерлер азайып кетиптир. Токойлордун көбү тоо кыркаларында да. Эми биз ылдыйкы зоналардагы токойлорду көбөйтүүнү максат кылып жатабыз. Максатыбыз бул көрсөткүчтү 7 пайызга жеткирүү. Азыр 5-6 пайызда турабыз. Мындан тышкары, бизде эсептелинбей калган айыл өкмөттөрдө, жолдордун жээгинде, талааларда да токойлор бар. Буйруса, эми биз баарын эсепке алып, ар бир бак-дарактарды санайбыз. Мисалы, ар бир адамдын үйүндө жок эле дегенде 5-6 түп,  же 10дон ашуу багы, жемиш бактары бар да. Алар эсептелбей келген. Мисалы, кичинекей Израилде 50 миллион бак бар экен. Биз эми бул маселеге билек түрө киришели деп жатабыз.

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here