Мирслав мырза борборубуз Бишкекте түтүн маселесин азайтуу боюнча кандай аракеттерди көрүп жатасыздар? Бул көйгөйдү жалгыз сиз жетектеген агенттик чечип жиберчүдөй болуп, сиздерди сындагандар көп болуп жатпайбы. Бул маселе парламентте да көп көтөрүлүп жатат…

Туура. Бул көйгөйдү жалгыз  биздин агенттик чече албайт. Жалпы коомчулук биргелешип чечпесек болбойт. Бүгүнкү күндө Бишкекте расмий каттоого алынган 430 миӊ автоунаа бар. Ал эми шаарга күнү-түнү кирип чыккан автоунаалардын  так санын айтыш кыйын. Бери болгондо эле 50 миӊден 100 миӊге жетиши деле мүмкүн. Ал автоунаалардын орточо жашы  20 жыл мурун чыгарылган.  Андан тышкары, бизге келип жаткан бензин да жакшы болбой жатат. Бүгүн биз евро стандарт деп эсептелген К-4, К-5 үлгүсүндөгү бензинди талап кылып жатабыз. Бирок андай бензин келген жок.  Бишкекте жылына 240 миӊ тонна абаны булгай турган уулу заттар чыгат. Ошонун 180 миӊ тоннасы жогоруда айтылган машинелерден чыгат. Бишкекте күнүгө 3 миӊ  кичи автобус эл ташыйт. Алардын дээрлик баары солярка менен жүрөт. Ал эми ыштын 10 пайызы гана өндүрүштөн чыгат. Машинелердин техникалык абалын текшерип турчу техосмотр  деген да жоюлуп кетти. Машиненин “глушителинде”   “катализатор” деген бар эле. Биз ошол тетикти ар бир машинеге койдурсак экологиябызга жакшы болбойт.

М. Аманкулов: -Машиненин “глушителинде”   “катализатор” деген бар эле. Биз ошол тетикти ар бир машинеге койдурсак экологиябызга жакшы болбойт.

— “Катализатор” ар бир машинеге коюлушу керекпи?

-Ооба. Койдурбасак болбойт.  Мурун машине заводдон чыккан кезде “катализатор” коюлуп чыкчу да. Айрым машинелер жакшы тартпай калат деп алдырып салышат экен. Бирок бул маселени биз ишке ашырышыбыз зарыл.  Бишкектин тегерегинде 50дөн ашуун конуштар бар. Алардын баары кышкысын көмүр жагышат. Ошондой эле Бишкекте 28 от казан бар. Анын баарын газка өткөрүш керек. Бул багыт боюнча “Газпром” менен сүйлөшүүлөр болгон. Газдан тышкары, жылуулукту электр энергияга да өткөрүп койсок, экологиябызга  абдан жакшы болмок. Мисалы,  Бишкектин тегерегиндеги конуштар үчүн кышкы мезгилде 700 килловатты жок дегенде  3000 килловатка жеткирип койсок,  көпчүлүк электр энергия менен үйлөрүн жылытышмак да. Ал эми шаарда  электромобилдердин санын кескин көбөйтүү жагына аракет кылышыбыз абзел. Бул маселени президентибиз да айтып жатат. Өткөн жылы Бишкекте электромобилдердин саны 700 болсо, быйылкы жылы 1200гө жетиптир. Бул багытта мамлекет дагы абдан сонун жеӊилдиктерди берип жатат.

М. Аманкулов: -Бишкек ЖЭБден 23 миӊ тоннасы Бишкек ЖЭБден чыгат

Бишкек ЖЭБден жылына абаны булгай турган канча тонна уулуу зат чыгат?

-Жогоруда жалпы 240 миӊ дебедикпи, ошонун 23 миӊ тоннасы Бишкек ЖЭБден чыгат. Көбү автоууналардан, андан кийин конуштардан,  ал жердеги мончолордон чыгып жатат. Бүгүнкү күндө биз андай жерлерди текшере албайбыз. Анткени текшерүүгө тыюу салып койгон. Биз мындай сунуштарды кылып жатабыз: көмүр менен ысыган  чоӊураак мончолорду жумасына эки ирет: ишемби, жекшемби күндөрү гана иштетүү, андан тышкары шаардагы автоунааларды номерине жараша так сан, жуп сан (“четный”, “не четный” деп коет эмеспизби) бир күндөн токтотуп айдоону сунуштап жатабыз. Мисалы, жуп сандуу номердин ээси бүгүн айдап чыкса, эртеси айдабай үйүнө токтотуп койсун, ал күнү так сандуу номердеги машинелердин ээси айдашсын деген сунуш.

М. Аманкулов: -Бир күндө жок дегенде 100 миӊ айдоочу машинесин айдабай үйүнө токтотуп койсо, экологиябызга чоӊ пайда болмок.

-Бул маселе жеке маселе болуп, көп колдоо таппай калат го…

-Бул эми сунуш. Албетте, биз элди мажбурлай албайбыз. Керек болсо, экологиябызды жакшыртабыз, шаарыбызды сактайбыз десек, ушундай кадамдарга барышыбыз керек. Мына күнүгө шаарда расмий катталганы эле 430 миӊдей машине жүрөт. Эми ошончо машиненин бул сунушубузду колдоп  бир күндө жок дегенде 100 миӊ айдоочу машинесин айдабай үйүнө токтотуп койсо, экологиябызга чоӊ пайда болмок. Ошондо жумасына 3 же  4 жолу гана айдап  турса деген сунуш да…

Биз негизинен Бишкек шаарына план түзгөнбүз. 33 пункт болчу, бүгүн 40 пункт менен бекиди. Айрымдарын айтсак: борбор шаарыбызда аба –ырайын  тазалоо,  бактарды арбын тигүү, автоунаалар токтотуучу жайларды тартипке келтирүү, веложолдорду көбөйтүү,  шаар ичинде  арыктардын системасын жакшыртуу ж.б. ушуга окшогон көп иштер камтылган. Бишкектин көп көчөлөрүндө светофорлор абдан жакын жайгашып калган. Ошондой көчөлөрдө машинелердин тыгындары көп болуп, ошол аймакта экология  бир топ бузулууда. Бул жагын да карашыбыз керек.

-Акыркы учурда Бишкектин экологиясы абдан бузулду, медициналык маска кийип жүргүлө деп айтылууда. Чын эле ошончолук абалга жетип калдыбы, же бул жагы аша чаап айтылып жатабы?

-Эми анчалык болуп кеткен жок. Бетиӊерге маска тагынгыла деп бейөкмөт уюмдары өздөрүнө упай топтоо ж.б. максаттар менен элди дүрбөтүп айтып жатышса керек. Бул маселени да эске алуу керек. Уулу заттар оор болот. Негизинен бир, эки метр жерде калкып жүрө берет. Көбүнчө балдар ууланып, ооруп калышат. Эми алардын бойлору кичинекей да.  Шамал болсо айдалып, тарайт.

-Жакында Бишкектин ЖЭБ-2 жактагы өтө бийик эмес тоонун үстүнөн Бишкектин үстү тартылган тасма тарап, катуу талкууга алынды. Бишкек ошончо ышка көмүлүп көрүнбөй калганы чынбы, же ал тасма монтаждалып жасалганбы?

-Ал тасма чындыкка дал келбейт. Монтаждап чыгарып коюшса керек. Анчалык деӊгээлде эмес. ӨКМде Гидрометрология боюнча кызмат бар да. Күнүгө 10 жерден текшеришет.  Уулуу заттар боюнча жыйынтык 1, 7, пайыз,  2, 6 пайызга чейин болуп жатат.  Бир гана жолу 6 пайызга чейин көтөрүлүп кетиптир. Биз  уулуу заттын көлөмүн 100 миӊ долларлык жабдыктын жардамы менен өлчөп турабыз, ал эми бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү болсо 30 долларлык жабдык менен текшерип жатышкандыр. Бул эки жабдыктын сапаты, мүмкүнчүлүгүндө чоӊ айрыма бар да.

М. Аманкулов: -Ал эми желим бөтөлкөнү майдалап-майдалап туруп кайра иштетсек болот. Бирок желим бөтөлкөдөн “бистонал А”  деп аталган уулу зат чыгат. Ал абдан жаман, эч качан  кетпейт.

 Эӊ негизгиси элибизди жаратылышты сүйгөнгө үйрөтүшүбүз зарыл. Чынында баарыбыз эле тазалыкты жакшы кармабай жатпайбызбы. Бөтөлкөлөрдү, целлофандарды, пакеттерди ар кайсы жерлерге ыргытып жатабыз. Мунун баары теӊ эле жаратылышка чоӊ зыяны. Акыркы учурда парламентте депутаттар менен бирге жакшы бир мыйзамды алдыга жылдырып жатабыз. Целлофан -пакет 0,20 микрон деп жатпайбызбы, ал кайра иштеткенге жарабайт. Буйруса, аны мыйзамдын негизинде колдонууга тыюу салып, биротоло жоготушубуз керек.  Ал эми желим бөтөлкөнү майдалап-майдалап туруп кайра иштетсек болот. Бирок желим бөтөлкөдөн “бистонал А”  деп аталган уулу зат чыгат. Ал абдан жаман, эч качан  кетпейт. Ошон үчүн келечекте биз кагаз баштыкка жана айнек бөтөлкөлөргө өтүшүбүз зарыл.

-Ал мыйзам качан ишке ашып калат?

-Убакыт керек экен. Дагы бир жакшы мыйзамды алдыга жылдырып жатабыз. Ал Көлгө балык кармаган торлорго  жана  балыктарды электро жабдыктардын жардамы менен өлтүрүү кармоого тыюу салуу. Бул маселеде айрым министрликтер биздин ишкерлерди колдоп жатат. Албетте колдош керек дейли. Бирок  экологияга таасири терс көрүнүштөрдөн качышыбыз зарыл.

Кыргызстандын аймагында уран ж.б. уулу заттардын калдыктары бар эмеспи. Мисалы, Миӊ-Куш, Майлуу — Суу, Кажы-Сайларда. Аларды жоготуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

-Республика  боюнча уулу заттардын калдыктары жайгашкан жерлердин саны 100дөн ашат. Сиз айткан аймактарда уран калдыктарынын калдыктары бар. Коркунучтуу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө “Росатом” аркылуу сиз айткан аймактарда жана  Чаткалдын Шекафтарында  дагы  иш алып барылып жатат. Буйруса андай калдыктарды адам баласына зыяны тийбей тургандай  татынакай кылып көмүп, алардын үстүнө бак –дарак тигип койсок деген максатыбыз бар. Бул эми келечектин иши.

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here