Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасынын жер, архитектура жана шааркуруу мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 2019-жылдын 9 айында аткарган иштер

2019-жылдын 9 айында Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин талабына ылайык, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында жалпысы болуп 85 текшерүү жүргүзүлүп, 340 бузуулар аныкталган, алардын жыйынтыгы менен  5 каршылык билдирүү, 30 ченемдик актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш, 40 талап, 5 мыйзам бузууга жол бербестик жөнүндө эскертүү, 4 тартиптик өндүрүш иши козголуп, 10 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Прокурордук актылардын негизинде, 46 жооптуу кызмат адамдар ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.

            Жер жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы  боюнча:

            Мисалы: Текшерүүдө, Бишкек шаарынын Ленин районун  айрым көчөлөрүндө жайгашкан тамактануучу жай, дүкөн жана офистер боюнча тешерүү жүргүзүлүп, райондук прокуратуранын катынын негизинде Бишкек шаарынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгын жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистеринен түзүлгөн комиссия тарабынан, жогоруда аталган объекттер жайгашкан жердин чыныгы аянтын текшерген учурда, ашыкча пайдаланып келген жер аянтын эч кандай укук берүүчү документтери жок пайдаланып келгендиги такталып, тийиштүү акты түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөсүнө ылайык, ашыкча пайдаланып келген  жер аянтынын ижара акысы кайрадан эсептелген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2019-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын наамына ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө талап келтирилип, 100 322 сом акча каражаты Бишкек шаарынын прокуратурасынын депозиттик эсебине которулган.

Архитектура жана шаар куруу жөнүндө:

Мисалы: Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын башкы инженери М.Ногоевдин жазган арызы боюнча текшерүү жүргүзүүдө, Бишкек шаарынын Гагарин, Ахунбаева, Бердибаев ж.б. көчөлөрүндө жарандар тарабынан жогорку чыңалуудагы электр линияларынын корголуучу зоналарында эч кандай укук берүүчү документтери жок болгондугуна карабастан мыйзамсыз соода-сатык дүкөндөрүн орнотуп алышкандары аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын наамына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө  талап келтирилип, келтирилген талаптын негизинде мыйзамсыз курулган курулуштар бузулуп алынган.

Бишкек шаарынын Ленин районун прокурорунун жардамчысы Т.Баев

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды көзөмөл жүргүзүү боюнча

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндөгү” Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2012-жылдын 11-январындагы 2-п сандуу “Жашы жете электер жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөл жүргүзүүнү уюштуруу тууралуу” буйругун аткаруу максатында, бир топ жумуштар жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, алардын арасында укук бузуучулуктарды жана кылмыштарды алдын алуу, болтурбоо жана бөгөт коюу — укук коргоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын негизги милдеттери болуп саналгандыктан, прокурордук көзөмөл күчөтүлүүдө

2019-жылдын 9 ай ичинде райондук прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан райондун аймагында жайгашкан мектептерге жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана кылмыш жасоонун терс көрүнүштөрү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө

Бул профилактикалык иш чаралар жаш өспүрүмдөрдүн арасында болуп жаткан кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн жана мындан ары катуу прокурордук чараларды көрүүменен иш аракеттер улантылууда.

Ошондой эле, бул көрүнүштөр жаш өспүрүмдөр турмуштук оор кырдаалга кабылгандыгынан жана аларга болгон мамилелерден келип чыккандыгынан кабар берет, ошол себептен райондун аймагында балдар менен иштөө боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан турмуштук оор кырдаалда турган балдар менен иштөөнү күчөтүп, ар бир баланын жүрүм-турумуна катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Райондук прокуратура органдары тарабынан жашы жете электердин укуктарын коргоо багыты боюнча прокурордук көзөмөл күчөтүлүп, мында ары иш аракеттер улантыла бермекчи.

Бишкек шаарынын Ленин районун прокурорунун жардамчысы Канабат кызы М.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here