Бишкектеги Биринчи май райондук соту 27-декабрдын кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу, депутат Асел Кодуранованын, партия төрагасынын орун басарлары, депутат Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаеванын бөгөт чарасын карап, үй камагында калтырды. Ал эми экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди сот камакка алды. Алардын адвокаты Замир Жоошев бул төрт адамга Кой-Таш окуяларында «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «калайман башаламандык уюштуруу», «барымтага алуу» боюнча айып тагылганын билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here