Маалым болгондой бүгүн Ата — Мекен фракциясынын лидери А. Шыкмаматов Текебаев менен келишпей партиядан чыгып кеткенин билдирди. Мына ушундай эле көрүнүш буга чейин да болгон. Саясатчы Талант Узакбаев да аталган партиядан депуттыкка кезеги жетип калганына карабай, Текебаевдин туура эмес саясатынан улам БШКга арызын жазып чыгып кеткен. Эгер Текебаев калыс болсо, саясатта, өзгөчө айыл чарба тармагында чоң тажрыйбасы бар Узакбаевди депутат кылып, партиянын аброюн жогорулатмак.

Табиятынан калыс жүргөн Узакбаев Текебаевдин тетири саясатына чыдабай, ага кошомат кылбай кетип калганы башка Ата Мекенчилерге да чоң коӊгуроо болчудай.

Ал эми Шыкмаматовдун партияны таштап кеткени да Текебаев үчүн чоң сокку десек болот

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here