Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттеги фракциянын лидерлигинен кеткен Алмамбет Шыкмаматовдун чечими боюнча өз пикирин билдирди:

— Мындан бир топ убакыт мурун Алмамбет Шыкмаматов өз мандатын менин көзүмчө Нурбек Сыдыгалиевге өткөрүп берем деп чечкен. Сыдыгалиев тизмеде 21-болуп турат. Бирок анын алдындагы адамдар орун бошотуудан баш тартып жүргөн. Оор, татаал сүйлөшүүлөр бул боюнча тынбай болуп турган. Сүйлөшүүлөр жыйынтык берди. Бүгүнкү чечим кырдаал аныктаган, керек чечим болду.

Бүгүн 27-декабрда парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын өз ыктыяры менен тапшырып берди.

Талапкерлердин тизмесиндеги үч адам – Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартып коюшканы белгилүү болгон. Ошентип, Нурбек Сыдыгалиевдин депутат болуп келиши үчүн Текебаев, Болот ШерШыкмаматов, Узакбаев, Балтабаев, Мирзаматовдор мандаттан баш тартышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here