Депутат Айсулуу Мамашева»Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп дайындалды. Бул туурасында фракция депутаттарынын жыйынында белгилүү болду.

Фраксиянын депутаттары жаңы лидерди шайлоого чогулуп, Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов талапкерлигин койгон. Аларды шайлоо эки тур менен өткөнүнө карабай, экөө бештен добуш алып тең чыгып калган. Мындан улам башка адамдын талапкерлигин кароого өтүп, натыйжада Айсулуу Мамашова «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды.

Буга чейин, партиянын мурунку лидери Алмамбет Шыкмаматов Ө.Текебаев менен пикир келишпестиктен улам, партиядан чыгып, мандатын тапшырган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here