-Талант мырза, алгач окурмандарга сиз жетектеген борбор тууралуу окурмандарга айтып берсениз?

-Мен өкмөт башчы тарабынан бул кызматка быйыл август айынын башында дайындалдым. Өзүмдүн кесибим ветеринар да. Ветеринария илиминин кандидатымын. “Вирусология” боюнча иликтеп изилдеп келем. Болгон тажрыйбамды бөлүшүп, жакшы иштерди жасоо биздин башкы максатыбыз.  Биздин республикалык  лабораториянын тарыхы 100 жылдан ашкан. Тарыхка көз чаптырсак, 1917-жылга чейин эле бул багытта иштер жүргүзүлүп келген. Республикалык – диогнастикалык лабораториялардан азыр  Түндүк аймактык жана түштүк  аймактык деп экиге бөлүнгөн. Биздин түндүк аймактыкта 19 лаборатория бар, Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустары  жана Тогуз-Торо, Токтогул райондору кирет.

Чынында лаборатория  — бул тирүү организм да. Бүгүн баарын жасап койдук, ушуну менен эле болот, бүттү дебешибиз керек. Бул багыт күндө жаӊыланып, күндө өзгөрүп турат. Акыркы жылдары дүйнөдө ар бир багыттын күндө бир жаӊы заманбап жабдыктары, аспаптары улам күчтүү болуп чыгап жатат. Биз дагы андай жаӊылоодон эч качан кур калбашыбыз зарыл. Эгер кур калсак, анда биздин лаборатриябыз өнүкпөй, өспөй калат. Бул жабдыктар боюнча эл аралык талаптар бар. Ошол талаптарга биздин  жасаган иштерибиз жооп бериши керек. Анткени биз текшерүүдөн өткөрүп берген сертификаттар, протоколдор башка мамлекеттерге эскпортко чыгарууга жол ачып берет.

-Бүгүнкү күндө сиз жететкеген мекеменин жабдыктары талапка жооп береби?

-Талапка 100 пайыз жооп берет десек  болот. Себеби, азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович, өкмөт башчылык кызматка дайындалганына 3 күн болгондо ушул биздин лабораториябызды келип, кем-карчтарды толуктоо, жакшыртуу маселесин кабыргасынан коюп, бул боюнча  чечкиндүү аракеттер көрүлгөн. Анткени, президентибиз Айыл чарба, ветеринария тармагы боюнча тереӊ түшүнүгү бар. Баарыбыз билебиз, ал киши бул тармакты жетектеп, министр да болгон. Бүгүнкү күндө бизде каржылоо маселеси боюнча көйгөй жок. 

Т. Узакбаев: -Кээ бир жабдык, багыттар боюнча биздин кадрлар Россияга, Европа мамлекеттерине ж.б. мамлекеттерге да барып бир  окуп келип жатышат

Экинчиден ЕАЭСтин алкагында лаборотарияларды өнүктүрүү талабы коюлуп, бул багытта Россия бизге чоӊ жардам берди. Бүгүнкү күндө Россиядан жалпысынан 380 миллион сомго заманбап жабдыктар келди. Ал жабдыктар тиешелүү лабораторияларга бөлүнүп берилген. Ноябрь айында биздин лабораторияны эл аралык экспертиза тобу  аккредитациядан өткөрүп, жогору баасын берип кетти. Азыркы учурда Түндүк аймак боюнча лабораторияда жалпысынан 200дөн ашуун  адам эмгектенип жатат. Ал эми биздин борбордук лабораторияда 60ка жакын адам иштейт. Бүгүнкү күндө биз заманбап жабдыктардын жардамы менен жалпы коомго, адамга зыяндуу делген  60ка жакын ар кандай дартты так аныктайбыз. Мындай мүмкүнчүлүк Түштүк аймак лабораториясында да түзүлдү.

-Бул жагы жакшы экен. Заманбап  жабдыктарды да талапка ылайык иштете билүү маселеси да бар да. Айтайын дегеним, бул багытка кызыккандар анча көп эмес. Жаштардын көбү баягы эле юрист, чет – тилдер, дизайн ж.б. кесиптерге ыктап жатышпайбы…

 — Туура, жабдык жабдыгы менен дечи. Анын тилин билип, илимди да каза билген кадрлар болбосо кайдан иш жүрсүн. Буга чейин чынында кадр жагынан көйгөйлөр болгон.  Биз бул акыркы учурда маселеге абдан басым жасап жатабыз. Бизге кандай жабдык келсе, ошол жабдыктарды иштетүү, колдонуунун ыкмасы боюнча атайы адистер биздин кызматкерлерди окутуп кетип жатышат.

 Кээ бир жабдык, багыттар боюнча биздин кадрлар Россияга, Европа мамлекеттерине ж.б. мамлекеттерге да барып бир  окуп келип жатышат. Ошол адистерибиз андан кийин  аймактагы лабораториянын кызматкерлерин окутуп, үйрөтүп жатышат. Биз  азыр максат кылып жатабыз. Буйруса,  келечекте бул мекемени бир эле текшерүүчү лаборатория эмес, окутуучу борборго да айланаталы деген асыл оюбуз бар. Ал эми кадр маселеси боюнча айтсак, баары теӊ талапка жооп берет. Арабызда окумуштуулар, илимдин кандидаттары бар.  Негизиенен биз кадр маселесинде биз жаштарга көбүрөөк көӊүл буруп жатабыз. Компьютер ж.б. заманбап техникалар менен “сен” деп сүйлөшүп, тилин жакшы билгендерди кызматка алып жатабыз. Бизге келип иштөөгө кызыккандар да көбөйдү. Буга себеп,  айлык маселеси бир аз болсо да көтөрүлүп, азыр орточо айлык  15 миӊ сомдун тегереги болуп калды. Чынында ветеринария тармагына   жаштардын кызыгуусуна бир катар жакшы иштер себеп болуп калды.

-Ал кандай иштер?

-Биринчиси  бул тармакты  бир топ чоӊ өзгөрүүгө алып келген Ветеринария боюнча мыйзам  болсо, экинчиси Ветеринария кызматынын жетекчиси Жумаканов Калыс Туратбековичтин  4 жылдан туура багытта, жакшы иш алып барып жаткандагысы болуп калды.  2014-жылы мен Жогорку Кеӊеште депутат болгондо бул мыйзамды демилгелеп, Жумаканов ж.б. адисттерди, юристтерди кошуп, иштеп чыкканбыз.

Т. Узакбаев: -Ветеринария кызматынын жетекчиси Жумаканов Калыс Туратбековичтин  4 жылдан туура багытта, жакшы иш алып барып…

Бул мыйзам чынында ветеринария тармагы алдыга жылып жатат деп  тартынбай айтсак болот. Бул мыйзамды азыркы күндө Казакстан мамлекети да мактап, өздөрүнүн мыйзамын биздикинен үлгү алуу менен оӊдоп чыгуу ниетин билдирип жатышканын угуп жатыбыз. Себеби, алардын  мыйзамы абдан көлөмдү, өзүнчө эле том экен. Аны окуп чыгуу да кыйынга турат. Менин өзүмө да кошуна мамлекеттерден бул мыйзам боюнча кайрылып, жылуу пикирин айтышкан. Кезинде бул мыйзамга бир топ депутаттар каршы болушкан. Аларга мындай мыйзам керек эмес болчу. Себеби, мурунку мыйзамдар менен  жеке чөнтөктөрдү толтурганга  шарттар бар эле.

-Демек, акыркы жылдары ветеринария популярдуу кесиптердин катарына кошулуп калды десек болобу?

    Чынында бул тармакта мындан  5-6 жыл мурунку жылга салыштырмалуу чоӊ өзгөрүүлөр болду. Жогоруда бул тармакка кызыккандар көбөйдү деп бекер айтканым жок. Жакында бизде коллегия өттү. Ошол жыйында Ветеринария факультетинин деканы  Акназаров доклад жасап, бул факультетке тапшырган студенттердин саны көбөйүп, бир орунга 5  абитуриент туура келгенин айтты. Себеби, мамлекет тарабынан бул тармакка жакшы көӊүл бурулуп жатат. Экинчи тарабынан бул адистикти окуп, жолун таап алгандар кирешени көп таап, өздөрүнчө бизнес кылып жатышат. Анткени, биздин ветеринария көбүнчө жеке багытта иш алып барып жатпайбы.  Адисттер өздөрү заманбап клиника куруп, жабдыктарды алышып, ошолор менен иш жүргүзүп жатышат. Жогоруда айтылган мыйзамда да ушул багыт жазылган.   Азыр мамлекеттин бир гана көзөмөл функциялары калды. Бул функцияны да биз акырындык менен кыскарталы деп жатабыз. Себеби, азыр базарлардагы лабораториялар жеке менчик клиникаларга өттү. Мисалы, Монголияда бүгүнкү күндө бир дагы мамлекеттик лаборатория жок экен. Бизде бул багытта бир чоӊ окутуучу борбор жана арбитаждык лаборатория калса жетиштүү болот. Калганын баарын менчикке өткөрүп беришибиз абзел.

-Мамлекеттин көзөмөл функциясын кыскартып салсаӊар, баары жеке менчик болуп кетсе кандай болуп калат? Чоӊ көйгөйлөр жаралбайбы?

-Сиз менин айтканымды бир аз туура эмес түшүнүп жатасыз. Кыскартып салат десе эле баары кыскарбайт. Мамлекет ар бир жеке менчик клиникага иштөөгө уруксат берип, аккредитациядан өткөрөт. Мунсуз эч бир лаборатория иштей албайт. Бул биздин алдыга койгон максатыбыз. Бул багытты жакшылап жолго койсок, бул тармак абдан жакшы өнүгөт. Бул маселеде көзөмөл сөзсүз түрдө мамлекетте калат.

-Сиздерден текшерүүдөн өтүп жатат да, азыркы күндө малдын эттери кайсы мамлекеттерге экспорттолуп жатат?

-Негизинен араб мамлекеттерге койдун эттери экспорттолуп жатат. Андан тышкары,  уйдун этин да алабыз деп, кызыгып жатышат. Бирок бизде малды кайра көбөйтүп, улам күнүн күнүгө экспортоого малдын саны чектелүү болуп жатат.

-Акыркы  учурда сиздердин байкоо боюнча малдын ооруларынын кайсы түрү көбүрөөк кездешип жатат?

-Бир ооруну баса белгилеп айтууга болбойт. Себеби, көрсөткүчтөр ар кандай. Акыркы убакта биз   чек ара (транс-чек аралык оорулар ) аркылуу жуга турган оорулардын саны абдан азайды.  Мисалы, шарп оорулары боюнча айтсак, бул оррууга каршы кошуна мамлекеттерибиз да катуу чара көрүп, жакшы жолго коюп калышты. Бүгүнкү күндө шарп оорулары боюнча эпзотикалык көрсөткүчүбүз жакшы. Башкы кеӊсеси Францияда жайгашкан   втеранарлардын Эл аралык эпзотикалык борбору бар. Мурун ошол борбор Кыргызстандын эпзотикалык ахыбалына 2006-жылы  1 деген баа берчү, акырындык 3, анан 4 деген тепкичтерге  басып өтүп, азыр 5 деген баага жеттик. Аталган борбор биздин Ветеринария кызматын   мал оруулардын түрү  менен күрөшүүгө жөндөмү жетет деп атайы каттоого алышты. Жакында Бишкекте бул  багытта эл аралык деӊгээлде чоӊ жыйын болуп, биздин ветеринариябыздын өнүгүп баратканын баса белгилеп, жакшы баасын беришти.  Ошол жыйында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген өкүлдөргө Кыргызстандын ветеринариясынан үлгү алгыла деген сунушту айтышты. Бул сөздү биз биринчи жолуу уккан жокпуз, ага чейинки семинарларда да угуп келатабыз.  Чынын айтышыбыз керек,  Ветеринария  тармагында интрига көп болуп, кызмат талашуу орун алган учурлар басымдуу болуп, негизги иш экинчи планга жылып калган. Бул тармактын башына Жумаканов Калыс дайындалгандан бери, андай терс көрүнүштүн баары жоюлуп, талапка ылайык иштер алып барылып жатат. Көп жылдан бери биздин кесиптештер таштандыга айланып бараткан жаман-жуман имараттарда иштешчү. Азыр республикадагы лобароторияларды кыдырып көрүӊүз, баары заманбап ыкмада оӊдолуп, эл аралык талапка жооп берип калды. Мына аз күн мурун биздин инспекцияга 53 жаӊы унаа тапшырылды. Мунун баары кызматкерлерибизге шарт түзүү болуп эсептелет. 

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here