Бул жашоодо идеалдуу адам жок. Ар бир пенде кемчилиги менен. Бирок, арабызда ошол идеялуулукка жакындагандар көп болбосо да бар экени бул жашоодо жакшы ойлорду жаратат. Адамдын жашоого болгон үмүтүн арттырат.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булак айылындагы Токтогон Алтыбасарова апабыз кыргыздын чыгаан аялдарынын образы чогулган инсан экен, ойлосом.

150 жетим бала чонойгон там. Азыркы ахыбалы…

Улуу Ата Мекендик согуш жылдары СССРдин мааниси жагынан экинчи шаары эсептелген Ленинградда ошол мезгилде 333 ири өнөр жай ишканасында 75% аскердик продукциялар өндүрүлгөн экен. 130 илим-изилдөө институттары жана конструкторлук бюролор иштеген. Андыктан, Нева боюндагы 3,2 миллион калкы бар бул калаа 1941-жылдын 8-сентябрында немец, фин, испан аскерлери тарабынан блокадага алынган. Шаарда ачарчылык өкүм сүрүп, эл кырылган. Кийин, мындан 75 жыл мурда 27-январда Ленинград шаары ошол 872 күнгө созулган курчоодон бошотулган. Ошол каат жылдары Ленинграддан эвакуацияланган 150 бала Ысык-Көлгө алынып келинип, аларды ошол кезде балалыгы менен толук коштошо элек Токтогон Алтыбасарова багып, бири да өлбөй, аман-эсен чоңойгон экен. Кийин 10 жыл бир үй-бүлөдөй жашаган балдардын кай биринин ата-энеси табылса, кээсиники табылган эмес. Себеби,1,5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын кенжелери ата-энесинин аты-жөнүн айтмак түгүл, жалаяктан жаңы чыккан эле. Андыктан, каардуу согуш аяктагандан кийин Топтогон апа балдардын ата-энелерин издөө менен алек болгон. Алар мекенине баргандан кийин да байланышты үзбөй, алардан кабар алып турган. Өмүрлүк жолдошу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Муса Абдиев менен Ленинградда сыйлуу мейман да болуп турушкан. Токтогон апа 2015-жылы 10-июнда 93 жашында, абышкасы каза болгондон эки жылдан кийин жарык дүйнө менен кош айтышат.

Биз анын уулдарынын бири Марат АБДИЕВГЕ бир нече суроо узаттык.

-Марат байке, Токтогон апанын өмүр-таржымалын кыскача айтып бериңизчи.

-Апам 1926-жылы көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн экен. Ал айылдагы билимдүү адам болгондуктан, 16 жашында Ак-Булак айылдык кеңешинин катчысы болуп эмгектенип, фронт учурунда көптөгөн иш кагаздар анын колунан өткөн. Ошол учурда 16 жаштагы апама өз ишинен сырткары Ленинград курчоосунан келген 150 бала

өткөрүлүп берилген. Ал балдарды 1942-жылдан 1952-жылга чейин багып, тарбиялаган. Айылда 44 жыл тынбай эмгектенип, 23 жолу айылдык, райондук кеңештерге депутат болуп шайланган.

Апам жөнүндө айтсак, өзүнчө эле узун сөз. Ал мыйзамдарды жакшы билген, кагаздарга аябай так, чындыкты бетке айткан, курч мүнөздүү, сөзмөр, санжыраларды өтө жакшы билген киши эле. Эсимде, бала кезимде бир аксакалдар араб кол жазма алып келишсе, ошону которуп берген. Айылдагылар апамды «Ходячий энциклопедия» деп коюшчу. Келген кишилер бардык суроолоруна жооп алып, кеңешин угуп аябай ыразы болуп кетишчү.

-Апаны эскергенде, кайсы окуяны көбүрөк эстейсиз?

-Апамды эстегенде, 1942-жылы 27-августта Ленинграддан келген балдарды тосуп алганы барып, биринчи көргөндө эстен танып кала жаздаганын айтканын көп эстейм. Биз ал балдарды элестетип угар элек. Келген балдар 1,5 жаштан тартып 11-12 жашка чейин болчу дейт. Моюндары узун, баштары аябай чоң, сөөктөрү аркайып, араң эле жандары бар болчу, ал балдарды көрүп алып, баарыбыз шолоктоп ыйлаганыбыз эстен кетпейт деп көп айтып калчу.

Кийин 1979-жылы Ленинградга жолугушууга барганда ошол кыздар, балдар үйлөрүнө алып барышат. Кадимкидей эле кыргызчасынан дасторкон жайып, боорсок, тамактарын жасап тосуп алганын, кийин кетип атканда апабызга «япон жоолук» салып, атабызга калпак, чапан кийгизип кыргыздын салты менен узаткан окуясын көп айтчу. Ошол окуяларын да көп эстейбиз.

-150 баланын көбү Россияда болсо керек?

-Көпчүлүгү Россияга кетишен. Сарууда, Бишкекте, Карабалта шаарында калгандар да бар. Биз көбү менен байланышып турабыз. Бир далайы өтүп кетишти. Себеби, эң улуулары апабыз менен тең эле да. Ошол оор жылдары айылдагылар бири айран, бири сүт, дагы бири нан алып келип, балдарды аман сактап калышкан экен. Бирөө да өлгөн эмес. Эсимде, алар Мекенине кеткенден кийин Россияга посылка көп салчубуз. Ар күнү яөиктерге алма, алмурут салып, почтого жөнөр элек. Өзгөчө күзүндө. Талкан да салган күндөр болду. Бул жактагы тамактарды сагындык деп кат жазышар эле.

Токтогон апанын кайсы сапаты балдарында бар?

— Апамдын сапаттары барыбызда эле бир аздан болсо да бар болуш керек. Өзгөчө Айдана деген небересин көп окшоштурабыз. Өтө сергек, курч мүнөз, ошол учурда эле боорукер. Үч тилде эркин сүйлөйт. 2018-жылы мектепти эң жакшы баалар менен аяктап, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун колунан алтын сертификат алган. Учурда Бишкекте АУЦАда окуусун улантып жатат. Тарыхый окуяларды терең билет. Апамдын иниси Бердибай чон таякебиз бар, азыр 92 жашта, ал Айданага ыраазы боло «чоң апасынын сапаттары ушул небересине өтүптүр» деп көп кеп кылат.

Апам өтө боорукер, колунан келген жардамды эч кимден аябаган, сөз байлыгы кенен, эч нерседен тайманбаган түз жүргөн адам эле да. Айылдаштар апам мыйзамдарды жатка билчү деп көп айтышат. 150 баласынын аты-жөнүн, туулган жылын жатка айткан. Ленинграддык балдардын кээсине өзү ат койгон. Фамилиясын да ойлоп табууга аргасыз болгон. Себеби, кичинелердин колуна байланган чүпөрөктөгү жазуулар Ленинграддан бери келгенче өчүп калган экен.

Ал аял катары бактылуу болгон деп ойлойсузбу?

-Албетте бактылуу болгон деп эсептейм. Себеби элдин 10 баласы болсо, апамдын өзү төрөгөн 9 баласынан сырткары 150 баласы болгон. Алардын баарына жакшы таалим тарбия берип, ошондой эле эл ичинде өз эмгеги, жүрүм-туруму менен таанымал болуп, атагы алыска кеткен. Кыргыз элинин көрүнүктүү кыздарынан бири болуп, атабыз менен 67 жыл бирге өмүр сүрдү.

1976-жылы Ленинград блокадасына арналган эскерүү кечесине барып, «Хочу жить» деген документалдуу киного тартылып келген. Апабыздын ысымы 2015-жылы айылдык китепканага, 2017-жылы маданият үйүнө ыйгарылган. Бишкекте Ленинград блокадасына арналган эстелик ачылса, жакынкы жылда Санкт-Петербургда россиялыктар тарабынан апама арналган энчилүү эстелик ачылганы турат. Демек, апабыз түбөлүк жашайт.

Балким, өкүнүчүн айкан күндөрү болгон?..

-Албетте, ар бир адам баласы сыяктуу эле апам кээде кайгыга батчу. Өкүнүчү- Бурулуш деген эжем Фрунзеде окуп, иштеп журуп 24 жашында окуу-жайын жаңы бүтүрүп диплом алып, 3 айдан кийин оор илдетке кабылап көз жумган. Ошол эжекем жок дегенде турмушка чыгып балалуу болсо кана деп өкүнүп ыйлачу. «Жок дегенде артында караан болуп бала калса болбойт беле, согуштан араң жан келген 150 баланын баарын тең аман-эсен чойнойтуп, өз баламды бөөдө өлүмдөн алып кала албай калдым» деп өкүнчү.

Садыр Аке чоң тайатабыз болот деп, ата-тегин айтып берчү эле бизге. Ары-бери өткөндө, Мойт Акенин, Садыр Акенин жаткан жайына сөзсүз токтоп куран окуп кетчү. Эч убакта калп айтпа, оңой оокатка карабай, маңдай териңер менен гана жан баккыла дечү. Ата-энемдин артында 27 небере, 29 чөбүрө калды.

Токтогон апа ошончо энергияны кайдан алган деп ойлойсуз?

-Апам ушунчалык энергияны кайдан алчу деп биз деле таң калчуубуз. Балким, жашоого, адамдарга болгон сүйүүдөн алгандыр. Апам кичинекей кезинен тирик болуп мээнетчил, иштерман, камбыл киши болгон экен. Өзү кээде айтып калчу, чоң колдоочум бар, мени дайыма колдоп жүрөт деп. Балким, ошондой да болгондур.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here