Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин кызматкери Сапар Бакыевди белгисиз кишилер атып кетти. Бул тууралуу Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Анын денесин 25-декабрда кечинде өзү жашаган Озгур конушунан «Тез жардам» менен алып келишкен.

Маркумду башка атышкан. Ал жашаган үйдөгү сарайдын алдынан уюган кандын изи жана белгисиз октун гильзасы табылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө башталды.

Сапар Бакыев 35 жашта, үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу агенттикти жетектеп турган. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here