-Нурболот мырза, мамлекеттин ушундай өзгөчө  кырдаалдарда таянган  ӨКМ эмеспи. Демек, сиз жетектеген министрлик биринчи кезекте матареиалдык-техникалык жактан күчүтүү болушу зарыл. Бул багыт боюнча ӨКМ талапка жооп береби?

ехникалык-материалдык базабызды укмуш күчтүү деп баса белгилеп айта албайбыз, бирок биз жыл өткөн сайын материалдык-техникалык базабызды чыӊдоого аракет кылып жатабыз. Мисалы, быйыл биз эл аралык долбоор менен  Япония бизге гранттык 22 ПИКАП (ар биринин баасы 20 миӊ доллар) үлгүсүндөгү унаа алдык. Ал унаанын ичиндеги куткаруу ж.б.  иштерге керектеле  туган жабдыктардын баасы 12 миӊ доллар.  Бир сөз менен айтканда, куткаруу иштеринде балта, кувалда, ара колдонулбай, ошол машиненин ичиндеги жабдыктар баардыгы автоматташтырылган ыкмада иштейт. Мисалы,  бул жагынан алганда адам өмүрүн сактоого, же башка тосколдуктарды алдына-алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Биз аталган машинелерди  негизинен  республиканын борбордук чоӊ жолдоруна койдук. Мындай багыттагы унааларды “Кызыл жарым ай” эл аралык уюму да бизге жардам катары да бере турганын билдиришкен. Буйруса, эмки жылы  алып калабыз деген ниеттибиз.

Сууга чөккөндөр да көп болуп атпайбы. Андай кырсыктарда ыкчам куткаруу үчүн сууга түшкөн  атайы кийимдер, кайык ж.б. жабдыктарды да эл аралык  уюмдардан жардамга алдык. Ал эми биз өзүбүздүн күчүбүз менен өрт өчүрүүдө колдонула турган “рукафтарды”  (шлангдарды) алдык.  Быйыл ПРООН аркылуу Ош, Жлал-Абад, Бишкек, Ысык-Көлгө өрт өчүрүү бөлүмдөрдүн имараттарын курууга долбоорун бүтүрдүк. Кудай буйруса, эмки жылы курулушун курулуп бүткөндөн кийин, ал имараттардын ичине керектүү жабдыктарды, техникалар менен менен да камсыздап беришерин билдиришкен.  Мындан тышкары, бизде Кризистик  кырдаалдарды башкаруу  борборунун  ишин жакшыртуу үчүн кайсы жерде өзгөчө кырдаал катталган болсо ал жерди онлайн режимде көрүп, башкарып туруу үчүн атайы жабдыктарды Дүйнөлүк банктын жардамы менен алдык. Мисалы, быйыл Жалал-Абадда нефти база өрттөнгөндө ошол жабдыктардын жардамы менен ( спутник аркылуу чоӊ экрандан) ИИМден, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү менен бирге кырдаалга байкоо салып, өз милдеттерибизди аткардык. Мындан тышкары, ушул эле долбоордун арты менен биздеги Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментине дагы керектүү заманбап жабдууларды алууга жетиштик. Ал эми быйыл Азия өнүктүрүү банкы аркылуу өзгөчө кырдаалдарда иштете турган  100 техниканы сатып алуу келишимине жетише алдык. Кудай буйруса, келжаткан жылы алып калабыз. Мындан тышкары, башка бир эл аралык уюм аркылуу 26 өрт өчүрүү  унааларын да кийинки жылдын биринчи кварталынын ичинде алып калабыз. Биздин бюджетибиз тартыш болгондуктан  негизинен ар кандай техникаларыбызды, ар кандай керектүү жабдыктарыбызды Эл аралык уюмдардан көбүнчө гранттык негизде алып, жаӊыртып, толуктап жатабыз. Мындай иштер дагы да уланат. Себеби, биз өзүӊүз айткандай биздин министрлик материалдык –техникалык багытыбыз кыйла күчтүү болуп, талапка жооп бериши зарыл.

-Өрт өчүрүү унаалары эски да… Жакында 26ны алат экенсиздер, дагы техника канча керек?

-Бизде Өрт өчүрүү башкармалыгында жалпысынан 228 техника бар. Көбү эски. Алды 1986-жылы чыгарылган. Аларды биз оӊдоп-түзөп колдонуп жатабыз. Акыркы жолу 2008-жылы бир аз жаӊыртылган. Буйруса, 26 унаа келсе, биз аны менен чоӊ шаарларды гана  камсыздай алабыз. 26 унаадан тышкары, Кытайдан дагы 100 өрт өчүрүү техникасын алуу боюнча сүйлүшүү жүргүзгөнбүз. Бирок бул маселе азыр президенттердин деӊгээлинде чечиле турган болуп турат. Буйруса, сүйлөшүүлөр ийгиликтүү уланса, кийинки жылы 100 техника алып калабыз деп максат кылып турабыз.

-ӨКМ көпүрө, дамба ж.б курулуш иштерин да аткарасыздар да. Бул багытта быйыл кандай иштер аткарылды?

-Бюджеттен биз жүргүзө турган жалпы круулуш иштерине 200 миллион сом бөлүгөн. Андан тышкары, ички булактан 100 миллион сом алганбыз. Ушул 300 миллион сомго жалпысынан 97 обьекти курууну максат кылганбыз.Каржы министрлиги бул каражатты толук бөлүп берсе, баарын өз убагында бүтүрүү аракетинде болобуз.  Буга чейин 60тан ашуун обьектилер бүткөн. Биздин атайы комиссия баарын азыр кыдырып, текшерип, кабыл алып жатышат. Негизи Каржы министрлиги бизге каралган акчаны толук берсе, биз максат кылган ишибизде кечиктирбей бүткөрүп алабыз.

-Бюджетти 100 пайыз толук берүү деген жок болсо керек. Бюджет толук аткарылбай жатканы жалпыга жашыруун маалымат эмес да…

-Ооба. Жогорку Кеӊеште ушул маселе боюнча көтөрүлгөндө  биз Каржы министрлиги бизге каралган акчаны толук өз убагында берсе жетиштүү эле болот деп айттык эле. Мисалы, биздин бюджетибиз  2 млрд. болсо, анын 80 пайызы айлык, коммуналдык кызматтарга кетет. Калган 20 пайызы өзүбүз аткара турган иштерге каралат. Бирок  бул каралган боюджет 2018-жылы  Каржы министрлиги тарабынан 93 -94 пайызга аткарылган. Курулуш багытына каралган  акча 85 пайызга аткарылган. Эгер толук берилгенде, каражат үнөмдөп, ал акчага 2-3 өр өчүрүү унаасын алсакпы деп максат кылганбыз. Бирок азырынча андай болбой турат.



ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here