• Нурболот мырза, 2018-жылга салыштырмалуу быйылкы 2019-жыл сиз жетектеген министрлик үчүн кандай жыл болду? Жалпылап айтып берсеӊиз?

-Быйылкы жыл биз үчүн эӊ жакшы жылдардан болду деп айтсам жаӊылбайм. Себеп дегенде бздин министрликтин иш көрсөткүчү өзгөчө кырдаалдарга, адам өмүрүнүн сакталышына түздөн-түз тиешелүү. 2018-жылы республика боюнча 96 өзгөчө кырдаал катталган. Мисалы, 3 жолу катуу шамал катталып, чыгым 12 миллионго жетсе,  сел 14 жолу катталып, чыгым 9 млн. сомдон ашкан. 1 жолу мөндүр катталып, айыл чарба өсүмдүктөрүнө 1 миллион сомдон ашуун чыгым келген.

   Быйылкы жылы болсо   10 айда 28 өзгөчө кырдаал катталып, 5 адамдын өмүрү жоготууга учурады.  Бул кырсык дагы чоӊ деӊгээлдеги,  өзгөчө кырдаалга кирген жол кырсыгына байланыштуу болгонун баса белгилей кетейин. Мындай кырсыктардын аз, же көп болушу бир гана Кудайдан. Быйылкы жылы  Жаратканыбыз биздин мамлекетке жакшы аба –ырайын тартуулап, ар кандай өзгөчө кырдаалдарды да аз кылды. Быйылкы жылы биз башка жылдарга  салыштырмалуу өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарды (көчкүнүн жүрүшүн жокко чыгаруу, каналдарды тазалоо ж.б.) алдына алуу иштерин жыл соӊуна жеткирбей эле биринчи кварталда эле жасап бүтүрө алдык.  Ушул ишибиздин  жыйынтыгы менен быйыл сел ж.б. кырсыткарын алдына ала алып, талапка ылайык иштерди аткардык. 2018-жылы биздин  кызматкерлер 87 адамды ажалдан алып калышса, быйыл ар кандай кырдаалдарда 202 адам куткарып, сактап калышты

-Өрт кырсыктары боюнча маалымат берсеӊиз?

—   Биздин кызматкерлер өрт кырсыктарын алдына-алуу боюнча  атайы түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Быйыл биз бул маселени да колубуздан келишинче күчөттүк. Мисалы, былтыркы жылы  4475  кырсыгы катталса, быйыл 3592ге жетти.  Бул кырсыктан улам келип чыккан чыгымдар былтыр 751042268  сом болсо, быйылкы чыгым  667467889 сом. Ал эми  бул кырсыктан 51 адлам каза болсо, быйыл 49 адам каза тапты.

-Сууга чөгүп каза болгондор көп болду окшойт…

-Былтыркы жылы 12 айда 139 адам сууга чөгүп каза тапса, быйыл бул көрсөткүч 10 ай ичинде 143кө жетти. Бул кырсык көбүнчө жол кырсыктары менен байланыштуу болду. Биз киши колдуу болуп, башына кыш байлап сууга чөктүрүп жибергендерди да каттоого алабыз.  Ал эми  сууга түшүп, эс алуу маалында сууга чөккөндөр  107  (өткөн жылы 106 адам )болду.

— ӨКМдин кызматкерлерге айлык, турак-жай ж.б. маселелер боюнча кандай шарттар түзүлүп жатат?

-Быйылкы жылы биз аскер кызматкерлерибиздин айлыгын 20 пайызга көтөрдүк, ошону менен азыр алардын орточо айлыгы   8 миӊден 17 миӊ сомго чейин болуп калды.  Турак- жай маселеси боюча айтсак, Жалал-Абад да 24 кызматкерибизге турак –жай тапшырдык. Батирде жашагандарга батир акысын төлөп беребиз. Биз кызматкерлерибизге колубуздан келишинче шарттарды түзүп берип жатабыз. Акыркы жылдары биздин министрликке, анын ичинен өзгөчө аскер багытына кирип иштейбиз деген каалоочулар көбөйүп жатат. Азыркы учурда аскер багытына кезекке  тургандардын саны 100дөн ашуун. Аскер кызматкерлерибиздин сапатын, билим деӊгээлин көтөрүү максатында биз Россия, Казакстан мамлекеттери менен келишим түзгөнбүз. Алар ошол мамлекеттерден билимин жогорулатып келгенден кийин, биринчи кезекте кызматка орноштурабыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here