Ош шаарында бугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин кызматкери Сапар Бакыевди белгисиз кишилер атып кеткени маалым болду. Учурда Ош шаардык милиция бул кырсыкты иликтеп жатат. Маркум 35 жашта эле, үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмеддов  Chagylhag.kgге буларды билдирди:

-Сапар Бакыев биздин министрликте 2014-жылдан бери иштеп келген. Негизи ал жигит ишин так билген тын жигит эле. Биз анын ишинен эч бир кине койгон эмеспиз. Эртеӊ жерге берилет экен, барып топурак салып келебиз. Бул кабарды угуп алып абдан кейип жатабьз. Азыркы күндө сөөгүн үйүнө алып келишти. Менин бир орун басарым ошол жерде жүрөт.

-Анын киши колдуу болушу жумушуна байланыштуу деген божомол каралып жатабы?

-Бизде андай деле божомол жок. Бул жагын эми милиция тыкыр иликтеп, кылмыштын бетин ачат деген ойдобуз. Министрлик эми маркумдун үй-бүлөөсүнө кеӊешип, жардам көрсөтөбүз. Маркумдун жалпы туугандарына терен кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгыларын теӊ бөлүшөбүз.

С. Бакыев ок жеп каза тапкан үйдүн сүрөтү

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here