24-декабрда Аламүдүн районуна караштуу Горная Маевка айылында  жубайлардын урушу экөөнүн өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Милициянын маалыматында , күйөөсү менен аялы уруша кеткен. 24 жаштагы келин бычак жеп, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталдан көз жумду. Ага кол салган күйөөсү, 28 жаштагы жергиликтүү тургун да өз жанын кыюуга аракет жасап, өзүнө өзү бычак сайган. Ал да алган жараатынан каза тапты.

Маркумдардын артында бойго жете элек эки бала калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here